Атамбаев кылмыш жасалгандыгы тууралуу жалган билдирүү таратуу жөнүндөгү мыйзамга кол койду

17-май күнү Кыргызстандын президенти кылмыш жасалгандыгы жөнүндө  такталбаган маалымат тараткандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү  каралган мыйзамга кол койду.

Өзгөртүүлөр Кылмыш кодексинде буга чейин «жалган билдирүү» деп аталган 329-беренесине киргизилет.

Мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык, тигил же бул адамдын кылмыш жасагандыгы жөнүндө жалган билдирүүнү атайын таратууга күнөөлүү деп табылган адам беш жүздөн эки миңге чейинки эсеп-кысап көрсөткүчү өлчөмүндөгү айып төлөө же бир жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы менен жазаланат.

Беренеден коомдук жумуштар жана коомчулук алдында кечирим суроо сыяктуу жазалоонун айрым бир түрлөрү алынып салынды. Президенттин басма сөз кызматы бир эле беренеде жаза берүүнүн көп түрүнүнүн каралгандыгы соттордун өз каалоолору боюнча жазаларды тандап белгилөө мүмкүнчүлүгүн жаратуу менен коррупцияга шарт түзөт деп эсептейт.

Президенттин расмий сайтында жазылгандай, парламент тарабынан киргизилген өзгөртүүлөр боюнча «жалаа» деген түшүнүк «кылмыш жасагандыгы үчүн айыптоо» деген түшүнүктөн ажыратылган.

Парламент бул же тигил адам тарабынан жоопкерчиликке тартылчу кылмыш жасалгандыгы жөнүндө маалымат таратуу инсандын абийирине жана ар намысына шек келтирген маалымат таратууга караганда таптакыр башкача кесепет келтирет деген чечимге келген.

«Бул өзгөртүү укук коргоо органдарынын азыркы шартта жарандар жана юридикалык жактардын көпчүлүк алдында сүйлөгөн сөзүндө кылмыш жасалгандыгы жөнүндө  фактыларды иликтөөгө милдеттүүлүгү менен байланыштуу. Мындай жагдай укук коргоо органдарынын кызматкерлерин ар бир билдирүүнү текшерүүгө милдеттендирээри, тиешелүү адамдарды жана материалдык ресурстарды  жумшоону талап кылаары талашсыз[...]», — деп түшүндүрүлгөн президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, мыйзам долбоору башка өлкөлөрдүн укук тажрыйбаларын эске алуу менен кабыл алынгандыктан, ал Конституциянын талаптарына каршы келбейт, «киргизилген өзгөртүүлөр сөз эркиндигин чектебейт, абийирге жана ар намыска шек келтирген маалыматтарды тараткандыгы үчүн жоопкерчиликке тартууга жол берилбейт».

«Коомчулук алдында айтылган бул же тигил  адамдардын кылмыш жасагандыгы жөнүндө айыптоолордун ырасталбай калышы  коомдо ушул сыяктуу маалыматтарга ишенбөөчүлүктү, кылмыштуулукка каршы күрөшүү милдети тагылган  мамлекеттик органдардын кайдыгерлигине алып келет. Аталган өзгөртүүлөр  биринчи кезекте  укук тартибин камсыз кылуу үчүн укук коргоо  органдарынын жоопкерчилигин жогорулатууга көмөктөшөт. Ошол эле учурда  жеке адамдардын, кызмат адамдарынын эл алдында  айткан маалыматынын тактыгы үчүн  жоопкерчилигин арттырат», — деп жазылган билдирүүдө.

Жалган билдирүү таратуу жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарылдыгы тууралуу биринчилерден болуп Кыргызстандын социал-демократтар партиясынан депутат Галина Скрипкина өткөн жылдын күзүндө эле айтып чыккан. Бирок документтин маалымат каражаттары жана бир катар коомдук уюмдар тарабынан кескин сынга алынышынан улам ошол эле жылдын ноябрында фракция мыйзам долбоорун кайрадан чакырып алган. Анда КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков идеядан баш тарткандыктарынын себептерин түшүндүрүп жатып, республикада сөз эркиндигинин сакталышынын маанилүү экендигин билдирген болчу.

Атамбаев тарабынан кол коюлган мыйзам долбоору буга чейин «Фридом Хаус» эл аралык укук коргоо уюму тарабынан кескин сынга алынган. Уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Аскат Дукенбаев жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалган билдирүү таратуу үчүн кылмыш жоопкерчилигинин киргизилиши журналисттерди ооздуктоонун күчөшүнө алып келе тургандыгын билдирген.

«Андан сырткары мыйзам Кыргызстанда ЖМКлардын өнүгүүсүнө сокку урат. Мындан улам биз тынчсызданып жаткандыгыбызды билдиребиз, мыйзам долбоору Кыргызстандагы сөз эркиндигине терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Биздин уюм чет элдик эксперттердин пикирине кошулат жана Алмазбек Атамбаевди мыйзамга вето коюууга чакырат», — деп билдирген Дукенбаев 2-майда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында.