Бишкек: Көп кабаттуу үйгө жылуулук берүү түтүктөрүн орнотууда архитектуралык эстеликтин бир бөлүгү талкаланган

Ленин атындагы мурунку Маданият үйүнүн имаратынын жер төлөөсү ага жакын курулуп жаткан үйдүн жылуулук берүү тармактарын жасоо маалында бүлүнүүгө учураган. Курулуш компаниясы болсо талкаланган жер төлөөдөгү жайлар эч кандай тарыхый баалуулукка ээ эмес экендигин билдирип, ынандырууга аракет кылууда.

Маданият министрлиги тарабынан архитектуралык эстелик деп табылган Ленин атындагы мурунку Маданият үйүнүн имараты бүгүнкү күндө Иисус Христос чиркөөсүнө тиешелүү жана анын жер төлөөсүндөгү бөлмөлөр чиркөөнүн алдындагы музыканттар тарабынан даярдануучу база катары пайдаланылып келген.

Өткөн жылы имараттан алыс эмес жерде «Эвос» курулуш компаниясы тарабынан «Кенч» деген турак-жай комплексинин курулушу башталып, Маданият үйүнүн имаратынын жанынан борбордук жылуулук берүү тармагынан жылуулук берүү түтүктөрүн алып өтүү иштери пландалган.

«Эвос» тарабынан жалданган жалданма компания келечектеги жылуулук берүү түтүктөрүн алып өтүү үчүн казуу иштерин 16-майда баштаган.

Анын жүрүшүндө мурунку Маданият үйүнүн жер төлөөсүндөгү жайлар талкаланган.

«Алар үстүнкү төшөлмөсүн толугу менен оюп салышты. Анда темир-бетон бастырык такталар болгон, ал конструкциянын бардыгы тең жер төлөөгө түшүп калды», — деди имараттын кызматкери Сергей Донченко.

Анын айтымында, чиркөөнүн жетекчилиги куруучуларда казуу иштерин жүргүзүүгө уруксат берген тиешелүү документтердин бар-жоктугун текшерүүгө аракет кылган, бирок алар орой түрдө документтерин көрсөтүүдөн баш тартышкан.

«Эвос» компаниясынын башкы инженери Вячеслав Захаров жер төлөөдөгү бөлмөлөр архитектуралык эстеликтин баалуу бөлүгү болуп эстелбестигин жана мурунку Маданият үйүнүн учурдагы ээлерине пландалган казуу иштери тууралуу алдын ала билдиргендиктерин айтып, ынандырууга аракет кылды.

«Мага Архитектуралык пландоо башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы архивдик маалыматтарда алып чыгып караганда [жылуулук берүү түтүктөрүн орнотуу долбоорун иштеп чыгуу маалында] анда жер төлөөдөгү бөлмөлөр жок болгондугун айткан», — деди Захаров.

Анын айтымында, курулуш иштеринин бардыгы тең Бишкек шаарынын мэриясынын уруксаты менен жүрүп жатат.

Азырынча бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн мэрия жеткиликсиз болууда.

Авторлор:  Владимир Цай, Виталий Белошапкин жана Хлоя Гейне