Кыргызстандын дарбазасына жеңиштүү топ беттештин экинчи жарым бөлүгүнө кошулган убакыттын акыркы секундаларында кирди. Анын автору палестиналык оюнчу Абдельхамид Абухабиб болду — ал бурчтан көтөрүлүп берилген топту дарбазанын жогорку мамысына таамай туштады.
АФНнын кубогунун алгачкы оюнунда футбол боюнча кыргыз курамасы Палестина курамасына 0:1 эсебинде утулуп калды.
«Беттеш кызуу өттү, а кыргызстандыктар күчтүү атаандаш болушту», — деди беттештен кийин Палестина курамасынын машыктыруучусу Джамаль Махмуд.
Кыргызстандыктардын Палестина курамасынын дарбазасына топ киргизүүгө жасаган аракеттерине, чабуулдарына карабастан беттештин биринчи жарым бөлүгү жыйынтыксыз болду. Оюндун өртүнчү мүнөтүндө эле Кыргызстан курамасынын чабуулчусу Дэвид Тетте кооптуу абал жараткан, бирок анын соккусу дарбаза мамысына тийип калды.
Палестиналыктар жооптуу чабуулдарды жасап жатышты, бирок Кыргызстан курамасынын дарбазачысы Павел Матяш өз командасын бир нече жолу куткарды. Тыныгуудан кийин —оюндун 55-мүнөтүндө палестиналык футболчу Хадер Абухаммад топту кыргызстандыктардын дарбазасына таамай туштады, бирок Матяш соккуну тосуп койду.
Беттештин экинчи жарым бөлүгүндө Кыргызстандын оюнчулары активдүүлүгүн көрсөтүп, көбүрөө чабуул жасоого өтүштү, анткен менен таамай соккулар жасалган жок. 60-мүнөттө кыргызстандык жарым кооргоочу Ахлетдин Исраиловдун атаандашынын дарбазасын көздөй багыттаган соккусу дарбаза мамысына тийип калды.
Беттештин акыркы соккуларынын бири палестиналык оюнчу Абдельхамид Абухабибдин жеңишке алып келген соккусу болуп калды.
«Күчү жагынан биздин командалар бирдей эле болушту. Бирок биринчилерден болуп оюн эсебин ачкандар жеңишке жетишти. Палестиналыктардын киргизген тобунан кийин бизде эсепти теңөөгө убакыт жок болуп калды», — деп жазган Азия футбол федерациясы Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Сергей Дворянковдун айткандарын.
Кыргызстандын АФКнын 2014-жылкы Чакырык кубогундагы алгачкы беттешинде утулуп калганы менен кураманын мелдештин жарым финалдык бөлүгүнө өтүүгө дагы деле мүмкүнчүлүгү бар.
Кыргызстан курамасы кийинки оюнун 21-май күнү талаа ээлери — Мальдив аралдарынын командасына каршы, ал эми 23-майда Мьянма курамасына каршы ойношот.
Бирок эгер Кыргызстан курамасы кийинки беттешинде утулуп кала турган болсо курама команда биринчи орунга болгон атаандашуудан чыгып калышы мүмкүн.
Жалпысынан бул мелдеште А жана В деген эки топтон турган 8 команда катышат. Кыргызстандын курамасы Мальдив аралдары, Палестина жана Мьянма курамалары менен бирге А тобуна туш келген.
В тобунда Түркмөнстан, Ооганстан, Филиппины жана Лаос курамалары ойношот.
Мелдештин жеңүүчүсү 2015-жылы Австралияда өтө турган футбол боюнча Азиянын биринчилигине катышуу укугуна ээ болот.
Кыргызстан курамасы Чакырык кубогунун 2014-жылкы финалдык бөлүгүнө бир дагы беттешинде жеңилүү ызаасын тартпай өткөн команда болгон.
Автор: Тилек Бейшеналиев