Парламентте Бажы биримдигинин пайдалары менен зыяндары талкууланды

Жогорку Кеңештин депутаттары 20-май күнү Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши жана анын пайдалары менен зыяндары боюнча парламенттик угууга чогулушту.

20-май күнү Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча парламенттеги угууда сөз сүйлөгөн премьер-министр Жоомарт Оторбаев өкмөттүн бардык мүчөлөрү тең өлкөнүн Орусия, Белорусь жана Казакстандан турган экономикалык блокко киришин бир добуштан колдогондуктарын билдирди.

«Бизге Жогорку Кеңештин, коомчулуктун колдоосу керек, ал эми бул боюнча өкмөттүн позициясы ачык — биз бул кадамга макулбуз», — деди ал угуунун жүрүшүндө.

Экономика министри Темир Сариев Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши товарлардын экспортунун өсүшүнө алып келип, миграция маселесин чечет деп эсептейт.

«Реэкспорттун көлөмү кыскарат. Эгер биз Бажы биримдигине кирсек албетте кыйынчылыктар болот, бирок кирбесек көйгөйлөр андан да көп болот. Биздин мигранттардын бир жерден экинчи жерге жылып жүрүүлөрү боюнча айтсам, алардын жолдору жеңилдейт», — деп билдирди министр парламентте.

Агробизнестин атаандаштыкка туруктуулугу борборунун директору Алмаз Доромбаев Кыргызстандын Бажы биримдигине киришинен жакшы натыйжаларды күтүүдө.

«Бажы биримдигине киргенде баалар өсөт, фермерлерде чоң кирешелерди алуу мүмкүнчүлүгү жаралат. Айыл чарба продуктуларынын өндүрүмдүүлүгү жогорулайт», — деп түшүндүрдү Доромбаев.

Анткен менен ишкерлердин бардыгы тең эле бийликтегилер менен макул эмес жана биринчи кезекте алар Бажы биримдигинен Кыргызстандын экономикасына келчү коркунучтарды көрүшөт.

Жаш ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Руслан Акматбек Бажы биримдиги Кыргызстанга алып келиши мүмкүн болгон пайдалардын күмөндүү экенин айтты:

«Ишкерлик менен 300 миң киши алектенет. Бир катар чиновниктердин айтымдарында, кыргызстандыктардын баары тең эле — тигүүчү, гастарбайтерлер сыяктуу. Казакстан Бажы биримдигине киргенден кийин андагы кичи жана орто ишкерлик өтө катуу жабыр тартты. Биз Кыргызстандагы кичи жана орто ишкерликтин ички дүң өнүмдүн 40%ын түзөөрүн баарыбыз жакшы билебиз».

Бажы биримдигине каршылардын кармалышы

20-май күнү парламенттик угуулар кызып калганда Бишкек милициясы Ак үйдүн алдында Бажы биримдигине каршы нааразычылык акциясын өткөргөн алты активистти кармап кетти.

Кармалгандар Бишкектин Биринчи май райондук ИИБсине жеткирилишип, аларга карата милиция кызматкерлерине баш ийбөө айыбы тагылды.

Кармалгандардын арасында Бажы биримдигин сынга алып келгендиги менен белгилүү укук коргоочу Бурул Макенбаева да бар болуп чыкты.

«[Активисттер] тротуарды тосуу менен митингге катышпаган жарандардын ары-бери эркин өтүүлөрүнө тоскоолдук жаратышты. Милиция кызматкерлери бир нече жолу эскертүү беришти, бирок ал жарандар [активисттер] баш ийишкен эмес, мындан улам алар Биринчи май РИИБсине жеткирилишти. Жарандар бошотулушту, материалдар сотко жөнөтүлдү», — деп түшүндүрмө берди активисттердин кармалышы боюнча Бишкек ШИИБсинин басма сөз кызматы.

Авторлор: Айзирек Алмазбекова, Нуржамал Жаныбекова жана Дарина Манасбекова