Футбол: Кыргызстан Азия кубогуна чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы АФКнын чакыруу кубогундагы эки оюнунда тең катары менен утулуп, Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө өтүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. 

Топтук беттештердин экинчи турунда Кыргызстан Чакырык кубогунун талаа ээлери болгон Мальдив аралдарынын курамасына 0:2 эсебинде утулду.

Биринчи беттешинде кыргыз курамасынын палестиналыктарга 0:1 эсебинде утулгандыгын эске алсак, Кыргызстан АФКнын чакырык кубогунун финалдык болүгүнө өтүү мүмкүнчүлүгүнөн толугу менен ажырады. Аталган мелдештин жеңүүчүсү Австралияда өтө турган Азиянын 2015-жылкы кубогуна катышууга жолдонмо алат.

Кыргызстан беттештин биринчи жарым бөлүгүндө Мальдив аралдарынын оюнчуларынын жасаган чабуулдарына туруштук бере алышты — дарбазачы Павел Матяш атаандаштарынын кооптуу соккуларынан кийин өз дарбазасын бир нече жолу куткарды.

Бирок беттиштин экинчи жарым бөлүгүндө жарым коргоочу Даврон Аскаров Кыргызстандын дарбазасын сактоого жасаган аракети менен өз айып аянтчасында атаандаштын чабуулчусун бутка тээп жыгытты. Бул үчүн Аскаровго кызыл түстөгү айып баракчасы көрсөтүлүп, оюндан чыгарылды, ал эми адаанташтар болсо он бир кадамдык тебүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Мальдив курамасынын оюнчусу Али Ашфактын он бир кадамдыктан туштаган соккусу дарбаза мамысына тийип калды, бирок андан кайткан топту экинчи жолу таамай тебүү менен ал командасын алдыга чыгарды.

Али Ашфак жеңишке сүйүнүп жатат. Сүрөт АФКнын сайтынан алынды.
Али Ашфак жеңишке сүйүнүп жатат. Сүрөт АФКнын сайтынан алынды.

Беттештин соңунда Али Ашфак өз эсебине дагы бир топту жаза алды. Ал кыргызстандыктардын коргоочусу Шерзод Аскаровдун кетирген катасынан пайдаланып, экинчи голун киргизди.

«Бул беттеш жашоо үчүн эмес, өлүм үчүн болгон беттеш болду. Мен өз оюнчуларымды жеңиши менен куттуктайм. Алар 70 мүнөт бою укмуштуудай күчүн жана чыдамкайлыгын көрсөтүштү», — деп жазган Азия футбол конфедерациясы Мальдив аралдарынын курамасынын машыктыруучусу Драго Мамичтин айткандарын.

Кое берилген эки топтон кийин Кыргызстан курмасынын оюнчулары активдүү аракеттерин башташты, бирок ал активдүүлүк эсепти теңөөгө жетишсиз болду.

Кыргызстан курамасынын башкы машыктыруучусу Сергей Дворянков оюнду «тең эмес» деп атады.

«Биз дарбазабызга топ киргенге чейин үстөмдүк кылып жатканбыз. Ал эмес андан кийин да жакшы ойнодук. Биз жөн гана эсепти теңөөгө жетишпей калдык. Мында да Палестина менен болгон оюндагыдай абал болду», — деди Дворянков.

Алдыда Сергей Дворянковдун тарбиялануучуларынын дагы бир беттеши калды — алар 23-майда Мьянма курамасы менен кез келишет, бирок ал беттеш кыргызстандыктар үчүн жөн гана формалдуулук болот, анткени алар Мальдив аралдарынан жеңилгенден кийин топтон чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырашты.

Азыркы тапта Кыргызстан өзүнүн А тобунда акыркы, төртүнчү орунда. Турнирдик таблицада биринчи орунда палестиналыктар, экинчиде Мьянма курамасы, а үчүнчүдө Мальдив аралдарынын курамасы келе жатат.

Автор:  Тилек Бейшеналиев