Кытайдын Үрүмчү шаарындагы жардыруудан кеминде 31 киши мерт кетти

Кытайдын түндүк-батышындагы ири шаарлардын бириндеги жардыруудан кеминде 31 киши каза болуп, дагы 94ү жаракат алышты. 22-май күнү эртең менен эки унаа базардагы топтошкон адамдарды барып сүзүп, андан соң жардыруу орун алган.

«Рейтер» маалымат агенттиги бул кол салууну акыркы жылдарда аймакта орун алган эң көп адамдын өмүрүн алып кеткен «теракт» деп атаган Кытайдын бийлигинин билдирүүсүн жазды.

«Болжолдуу маалыматтар боюнча, унаачан белгисиз адамдар чогулуп турган кишилерге жардыргыч заттарды ыргытышкан, анын  натыйжасында унаалардын бири жарылып кеткен», —деп жазат Би-Би-Си британ басылмасы.

Жардыруунун кесепеттерине күбө болгондордун бири «Рейтерге» берген маегинде «абада түтүн жыттанып, онтогон үндөр угулуп тургандыгын» айткан.

«Каза болгондор өтө көп болушкан, алардын арасында эртең менен базарда жүргөн кары адамдар да бар экен», — деген ал журналисттерге.

«Америка добушу» басылмасы Кытайдын «Синьхуа» мамлекеттик маалымат агенттигине шилтеме жасоо менен бийликтегилер бул кол салууга жоопкерчиликти радикал маанайдагы сепаратист-согушкерлерге жүктөп жаткандыктарын билдирүүдө.

Үрүмчүнүн базарындагы бул кол салуу — акыркы убактарда аймакта орун алган алгачкы мындай учур эмес. Бир айга жетпеген убакыт мурун  — 30-апрелде — Үрүмчүнүн темир жол бекетинде белгисиз адамдар андагыларга бычак менен кол салышып, жардыруучу затты ишке келтиришкен. Анын жыйынтыгында 3 киши каза болуп, дагы 79у түрдүү деңгээлдеги жаракаттарды алышкан.

Үрүмчү шаары Кытайдагы аймактык-административдик жактан эң чоң болуп эсептелген Синцзянь-Уйгур автономиялык районунун борбору. Аймактын жашоочуларынын жарымына жакынын — 8 миллионго чукулун — этникалык уйгурлар түзөт. Ошондой эле анда 120 миңден ашык этникалык кыргыз жашайт.

Үрүмчү — соода-сатык менен алектенген кыргызстандыктардын арасында Кытайдын популярдуу шаары. Алар Үрүмчүдөн андан ары Кыргызстандын аймактары менен өлкөнүн сыртына сатуу үчүн товарларды алып келишет.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен Kloop.kgнин кабарчысына учурда аларда Үрүмчүдөгү жардыруудан өлкөнүн жарандарынын жабыркаган-жабыркабагандыгы боюнча так маалыматтын жоктугун билдиришти.