Жактоочулар Дмитрий Цойдун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен шаардык сотко кайрылышат

Юристтер «Интел линкс» компаниясынын ээси, ишкер Дмитрий Цойдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Бишкек шаардык сотуна кассациялык даттануу арызын жөнөтүшөт. Цой трактор айдоочусуна кол салууга айыпталып, кикбоксер Руслан Абасовдун өлүмүнө тиешеси бар деп шектелүүдө.

Дмитрий Цойдун жактоочусу Азизбек Турдалиев ишкерди эки айга тергөө абагына камоо өкүмүн чыгарган Биринчи май райондук сотунун чечими боюнча жогорку баскычтагы сотко даттануу ниети бар экенин билдирди. Жактоочу түшүндүргөндөй, камакка алынгандан кийин стресстен улам Дмитрий Цойдун өнөкөттүү С гепатити күчөп кеткен.

22-майдагы маалымат жыйынында юрист ИИМди мыйзам бузууларга барган деп айыптады. Анын айтымында, 2009-жылы ишкерге карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аяктагандан кийин тергөөчү тарабынан ишти токтотуу боюнча процессуалдык чечим кабыл алынган. Ал документ «беш жыл бою» — 2014-жылдын май айына чейин архивде жаткан.

Турдалиев ал кылмыш ишинде жабырлануучу катары өтүп жаткан трактордун айдоочусу Асановдун экинчи жолу жазган арызы 30-апрелде Ананьево айылында жазылып, борборго почта аркылуу жөнөтүлгөн. Бир сутканын ичинде ал ИИМдин кызматкерлери тарабынан каттоодон өткөрүлгөн.

«Почта аркылуу катты Ананьеводон Бишкекке бир сутканын ичинде жеткирүү азыркы заманда дээрлик мүмкүн эмес. Ошондой эле ал арыздын конверти иштин материалдарынын арасында жок. Анда почтанын Ананьево менен Бишкектеги бөлүмдөрүнүн тиешелүү штамптары болушу керек болчу. Бул деген ал катты ИИМдин кызматкерлери атайылап эле тартып алышып, ИИМге алып келишип каттоодон өткөрүшкөн дегенди түшүндүрөт», — деди жактоочу.

Цой 2009-жылы Ысык-Көл облусунда орун алган окуяга байланыштуу кармалган.

Ички иштер министрлигинин версиясы боюнча, анда «Интел Линкстин» ээси Жаркынбай айылынын жанында трактор менен сүзүшүп жол кырсыгына кабылган, андан соң трактордун айдоочусунун бутуна атып, жанындагы адамды сабап салган.

Ошондой эле ИИМдин басма сөз кызматы Цойдун үстүбүздөгү жылдын мартында кикбоксёр Руслан Абасовдун өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинде шектүү катары өтүп жаткандыгы тууралуу буга чейин пайда болгон маалыматтарды четке какты.

«Ал шектүү катары өтпөй эле, болгону ошондой версия гана бар, анткени убагында алардын ортосунда аңчылык жайыттар боюнча талаш-тартыштар болгон. Бул маалымат дагы текшерилет», — деди ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Жоробай Абдраимов Kloop.kgге берген маегинде.

Руслан Абасовдун өлүмүнө Цойдун тиешеси бар болушу мүмкүн деген милициянын божомолун Турдалиев «сандырак кеп» деп атап, ал жактоого алган ишкер спортчу менен жолукпагандыгын жана алардын ортосунда эч кандай чыр болбогондугун билдирди.

«Алардын тоолордо аңчылык жайыттары бар. Эгер аңчылык жайыттардын чектерин тиешелүү мекеме — Токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик — аныктаса, анда бул жерде кандай талаш-тартыштар болушу мүмкүн. Жерге байланышкан талаш маселелердин бардыгы тең сот аркылуу чечилет. [...] Бул жөн гана Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын Цойдун үйүн тинтүүгө болгон шылтоосу», — деп билдирди Азизбек Турдалиев.