Нарын облусу: Өкүмсүз жазалоодон кийин дайынсыз жоголгон милиционердин сөөгү табылды

ИИМ февралда дайынсыз жоголгон милиционер Рустам Токтогуловдун денеси Жумгал суусунда табылганын билдирди. Үстүбүздөгү жылдын башында жабырлануучунун туугандары Жумгал районунун тургунун сабаган деп айыпталып жаткан үч милиция кызматкерине сот залында бензин чачып, өрттөп жиберишкен. Анда Токтогулов жабырлануучунун туугандарынан кутулуу үчүн качып кетип дайынсыз жоголгон.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 21-май күнү Жумгал суусунан Рустам Токтогуловдун сөөгү табылгандыгын кабарлады — аны кийинчерээк туугандары таанышкан.

Мекеменин басма сөз кызматкери каза болгон милиция кызматкеринин сөөгү анын каза болушунун себептерин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлгөндүгүн билдирди.

«Анын жыйынтыгын чыккандан кийин толук айтып бере алабыз. Анын өлүмүнүн себептерин билбей туруп кимдир-бирөөнүн жоопко тартыла тургандыгы жөнүндө айта албайбыз. Эгер аны өлтүрүшкөн болсо жоопко тартылышат», — деди ИИМдин басма сөз кызматынын кызматкери.

Токтогулов 20-февраль күнү Жумгал райондук сотунда өтүп жаткан соттук процессте айыпталуучу катары өтүп жаткан үч милиция кызматкеринин бирөөсү болгон.

Ал дагы эки милиция кызматкери менен бирге өткөн жылдын декабрында ур-токмоктон улам каза болгон делинип жаткан жергиликтүү тургун Айбек Мамбеталиевди сабаган деп айыпталып жаткан.

Мамбеталиевдин иштин каралышына нааразы болгон туугандары сот залындагы тосмо ичинде отурган милиция кызматкерлерине бензин чачып, өрттөп жиберишкен.

От жалбырттап күйүп баштаганда жабырлануучуларды имараттан сыртка алып чыгып, өрттү өчүрүшкөн.

Бирок жергиликтүү укук коргоо органдары айыпталуучуларды жабырлануучунун туугандары тарабынан жасалган зомбулуктан коргой алышкан эмес — алар айыпталып жаткан милиционерлердин бири ур-токмокко алышып, экинчисин белгисиз тарапты көздөй алып кетип калышкан.

«Акыркы маалыматтар боюнча Р.Токтогулов бейбаштык кылып артынан кубалап жүргөн кишилерден кутулуп, Жумгал суусунун боюна качып кеткен. Үчүнчү кызматкер Ч.Баялиевди Жумгал РИИБсинин өкүлү өзү менен кошо ала кетүүгө жетишкен», — деп билдирген анда ИИМдин басма сөз кызматы.

Ошол эле маалда окуянын күбөсү Эраш Курамбеков jumgal.kg порталына берген маегинде Мамбеталиевдин туугандары үчүнчү милиционерди дарыяга ыргытып жиберген болуулары ыктымалдыгын билдирген болчу.

Авторлор: Анна Лелик жана Мираида Жапарова