Kloop.kgнин башкы редактору Бектур Искендер Украинада алдыдагы президенттик шайлоолор менен чыгыштагы кризистин фонунда эмнелер болуп жаткандыгына күбө болуу максатында элден чогулган каражатка аталган өлкөгө сапар алды.
Баяндоо автордун атынан жүрөт
Саякатка акча чогултуу жөнүндө кененирээк жана Бектур Искендердин твиттер-хроникасы
Саякаттын башка бөлүктөрү:
Поезд Донецктен Днепропетровскини көздөй 23-май күнү салгылашуулар орун алган Донецк облусундагы Красноармейсктен алыс эмес жердеги Карловка айылын бойлой тыкандык менен кетип бара жатты.
Мен Донецктен өтө тынчты алган, коркунучтуу учурда кетип бара жатканымды түшүнүп турдум. Поездегилердин көбү болуп жаткан окуяларды талкуулашып, өтө кабатырланып жатышты.
Ошондуктан Донецктен поезд менен үч саатта эле жетип алууга мүмкүн болгон Днепропетровскидеги кыйла эле айырмаланган атмосфераны көрүү мен үчүн өтө таң калычтуу болду.Бул өлкөнүн чыгышындагы эң украинчил шаар.
Жергиликтүү тургун Андрейдин мага түшүндүргөнүнө ылайык, Евромайдандын, андан кийинки Крым менен чыгыштагы окуялардын фонунда жергиликтүү тургундардын көбүндө мамлекеттик белгилерге болгон абдан чоң сүйүү пайда болгон.
Мындайды мен Киевден көргөм, бирок Украинанын чыгышында бул мага күтүүсүз болду.
Украин желектери имараттарда:Унааларда:Катерлерде:Кайрадан унааларда:Күзгүнүн каптамасында (мындайды биринчи жолу көрүп атам):Украин желегин саткандар бурулуштарда көп кездешишет:Курулуп бүтө элек мейманкананын дубалына Украинанын чоң герби тартылган:
Коломойский
Чынын айтуу керек, жергиликтүү тургундардын бири Кирилл түшүндүргөндөй, орусчул жарандар Днепропетровскиде да бар — анын баамында, алар болжол менен шаардын бир миллиондон бир аз ашыгыраак калкынын бештен бир бөлүгүн түзүшөт.
Бирок алар өз позицияларын ачык айта алышпайт, анткени алар азчылыкты түзүшөт, ал эми мында кандай гана орусчул маанайдагы көрүнүштөр болбосун бардыгын тең сепаратизмге чакырык катары кабыл алышып, андайлар менен көпкө кыжылдашып отурушпайт: днепровдуктар коңшу облустардагы окуялардын алардын шаарында да кайталанышын каалашпайт.
Евромайдандан кийин Днепропетровск облусундагы бийликке башында Игорь Коломойский турган таасирдүү украинчил адамдар келгендиги да бир топ маанилүү.
Донецк облусундагыдай эле Днепропетровкидеги иштин жагдайы да жергиликтүү ири олигархтын көңүлүнө жараша аныкталган — бирок мында окуялар таптакыр башка тарапты көздөй багыт алган.
Эгер Донецкте абал көбүнчө Ринат Ахметовдун ички каалосунан (бул тууралуу буга чейинки баянымда кенен жазгам) улам күчөгөн болсо, Днепропетровскиде тескерисинче, Коломойскийдин башынан эле бир позицияны бекем кармангандыгынын аркасында абал турукташкан — ал жалаң гана Украинанын биримдиги тууралуу сүйлөп, федерализация же бөлүнүү тууралуу эч бир сөз айткан эмес.
Днепропетровскиде да өздөрүнүн Антимайданы болгон. Бул шаарда орусиячыл активисттер Янукович бийликтен кетери менен эле дароо өз митингдерин өткөрүүгө аракет кылышкан. Бирок украин коргонуу топторунун кыйла эле күчтүүрөөк экенин түшүнгөндөн кийин ал аракеттерин токтотушкан.
Жыйынтыгында, Днепропетровск облусунун аймагында атайын батальондор түзүлгөн — бири ИИМдин алдында, а экинчиси коргоо министрлигинин алдында — анда кызмат кылган жоокерлер жакшы айлык алышат жана сепаратизмдин кандай гана көрүнүштөрү болбосун алардын жайылуу ыктымалдыгына каршы турууга даяр.
Кирилл жергиликтүү олигархтын адамдарынын мурунку иштерин эстеп (ал алардын мурунку иштерин «рейдерлик» деп атады), Коломойскийге анча деле үмүт арта бербейт.
«Бирок Коломойский өз ордунда болуп чыкты, — деп түшүндүрдү мага Днепропетровскинин тургуну. — Кайсыл гана шаарды болбосун ордунан козгоп койсо болот, бирок жаңы бийлик өз учурунда демилге көтөрүп, толкундоолорду басып койду».
Кирилл Днепропетровск кандай гана оор кырдаал болбосун дайыма жыйынтыгында ким күчтүү болсо ошонун позициясын кармангандыгын айтып тамашалады.
«Биздин шаар дайыма жеңүүчүлөр үчүн. Мисалы, Львовдогу адамдар принципиалдуу, студенттери да окуудан чыгарабыз деп коркуткандыктарына карабастан демонстрацияларга чыгышты, а бизде болсо өтө бизнес-конъюнктуралуу шаар», — дейт ал.
Мейли, эми көчөлөрүн аралап көрөлү.
Шаар
Мындагы жөө адамдар жүрчү башкы жолго ысык болбошу үчүн үстүнөн суу чачып турушат:Мындай конструкцияларды Бириккен Араб Эмираттары сыяктуу өлкөлөрдө гана болот деп ойлогом:Мында бейпилчилик:Мында тынчтык:Мында Украина үчүн көнүмүш болгон бак-дарактар көп:Мында велосипедчилер:Бул суу жээгинде чыныгы өзбек палоосу (Днепропетровск — өтө көп улуттуу шаар):Мында эски үйлөр бар:Кээ бир бөлүктөрүндө өтө эле эски үйлөр да кездешет:Мында кызыктай жаңы үйлөр да бар:Алардын кээ бирлери өтө эле кызык:Донецктен кийин бул жердеги атмосфера кайсыл бир Ниццедегидей сыяктанат:Ошондуктан бул шаарда журналисттер үчүн таптакыр кылаарга иш жок (Днепропетровкинин жашоочулары үчүн кандай жакшы жаңылык):Андан ары Одессага кеттик.