Социалдык өнүктүрүү министрлиги: Бишкекте майыптар үчүн атайын такси кызматы иштеп баштайт

Мекеме башчысы Кудайберген Базарбаев жыл соңуна чейин министрлик тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн атайын такси кызматын ишке ашыруу мерчемделип жатканын айтты.

Базарбаев Kloop.kgнин кабарчысына берген маегинде ал таксилер мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды көтөрүүчү атайын жабдуулар жана алардын майып арабаларын кое турчу орундар менен жабдылып, атайын майыптарга ылайыкташтырылып жасала тургандыгын билдирди.

Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясынын кызматкери Тамара Балкыбекованын айтымында, жаңы кызматты тейлей турган жумушчулардын бардыгы тең экинчи жана үчүнчү топтогу майыптар болот.

Экинчи топтогу майыптарга саламаттыгында анчалык деле функционалдык бузулуулар жок, көмөктөшчү каражаттардын жардамы менен жылып жүрө алган жана атайын жабдылган жумушчу орунда иштей ала турган адамдар киришет.

Үчүнчү топко болсо саламаттыгында анчалык деле көйгөйлөр жок, өз алдынча жылып жүрө алган жана квалификациясы төмөндөтүлгөн же жумуштун көлөмү азайтылган шартта иштей ала турган адамдар киришет.

Майыптар коомунун директору Бакыт Исаков жаңы таксилер мүмкүнчүлүгү чектелген жүргүнчүлөр үчүн жеңилдетилген баада иштейт деген үмүттө:

«Эгер иштеп калса — жакшы болот. Бирок алардын баалары кадимки таксилердин бааларынан 10-15 гана сомго арзан боло турган болсо анда ал анчалык деле маанилүү эмес, анткени биздеги мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын көпчүлүгү такси менен жүрүшпөйт. А эгер 50 пайыз арзан же таптакыр бекер болсо — бул жакшы», — деди Исаков Kloop.kgге берген маегинде.

Социалдык өнүктүрүү министри бул долбоордун ишке ашышы чет элдик донорлорго көз каранды экенин белгиледи:

«Бишкек шаарында социалдык такси кызматын негиздөөгө жардам берүү өтүнүчү менен чет өлкөлөрдүн элчиликтерине кайрылдык. Менин оюмча, эгер өнөктөштөрүбүз жардам беришсе идеяны жылдын аягына чейин ишке ашырабыз», — деди Кудайберген Базарбаев.

Автор: Нурия Рыскулова