Сүрөтбаян: Бишкектеги үлпөт той көргөзмөсү

Өткөн дем алыш күндөрү Бишкекте «Weddind Expo-2014» деген аталыштагы үйлөнүү той көргөзмөсү ачылды. Анда үлпөт тойлордо кийилчү апакай көйнөктөр менен аксесуарлардан сырткары түрдүү түстөгү таттуу даамдарды татып, торт тандап, үлпөт тойго даярдануу боюнча профессионал адистер менен кеңешүүгө болот.

Үйлөнүү той көргөзмөсү өткөн дем алыш күндөрү Бишкекте өткөн иш-чаралардын эң популярдууларынын бири болду окшойт.

Ага алдыдагы үйлөнүү тоюна даярданып жаткан кыздар, ошондой эле жөн гана кызыккан шаардыктар барышты.

Көргөзмөдө дээрлик бүт бардыгын тапса болот — ошол эле жерден буйрутма менен алууга мүмкүн болгон үлпөт көйнөктөрдөн тарта...10318554_1429659620633036_564852810_n...майрамдык таттуу даамдарга — көп кабаттуу торттор, безе жана кичинекей француз десерт-макарондоруна чейин.10361216_1429657170633281_1210244021_n10361226_1429657160633282_682929283_nКөргөзмөнүн уюштуруучулары түрдүү жасалгалар менен кооздолгон чоң торттор жөн гана коомчулуктун таанышуусу үчүн  экенин эскертишүүдө. Чыныгы көп катмарлуу тортторду алар кардарлардын жеке буйрутмалары менен жасашат.10363621_1429657180633280_1604121982_nОшондой эле көргөзмөдө атайын тизмелерден кондитер азыктарынын үлгүлөрү менен таанышып, буйрутма берсе болот.10416693_1429659600633038_1902585934_nҮйлөнүү-үлпөт тоюн өзгөчө кылып өткөргүсү келгендер майрамдык салтанатка «жандуу статуяны» чакыра алышат.10364619_1429680853964246_70441193_n10417124_1429680867297578_1115526085_nКөргөзмөдө өз кызматтарын көрсөтүп жаткан үлпөт тойлорду уюштуруучулар каалагандардын бардыгына кеңештерин беришип, дасторконду даярдоо жана майрамдык чөйрөгө «өзгөчөлүк» кошо турган аксессуарлар тууралуу айтып беришүүдө:10409894_1429659587299706_2146412186_n10416681_1429657857299879_17228342_n10396489_1429657863966545_1411138348_nАвтор: Майрам Абакирова