Украинанын Кыргызстандагы элчилиги өлкөнүн Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин курамынан чыгуу ыктымалдыгы эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерге таасирин тийгизбестигин билдирүүдө.
Украинанын Бишкектеги элчилигинин катчысы Юлия Кнопптун айтымында, өлкөнүн КМШнын курамынан чыгуу жана Орусия менен визалык режим киргизүү ыктымалдыктары кыргыз-украин мамилелерине таасирин тийгизбейт.
«Кыргызстан менен Украина дайыма жакшы мамиледе болушкан жана Украинанын КМШнын курамынан чыгышы аларга эч кандай таасирин тийгизбейт», — деди Кнопп.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматтык бөлүмүнүн жетекчиси Турдакун Сыдыков «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет басылмасына берген маегинде Украина КМШнын курамынан чыккан күндө деле кыргызстандыктардын Украинанын аймагында визасыз 90 күнгө чейин жүрүшүн камсыз кылган өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу келишим күчүндө каларын билдирген.
Украинанын Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин курамынан чыгуу ниети жөнүндө 27-май күнү өлкөнүн Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Андрей Парубий билдирген.
Күн мурун Киев КМШда төрагалык кылуудан баш тартарын билдирип, уюмдун координациялык институттарындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Иван Бунченкону чакырып алган.
Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги — бул Советтер Союзунун курамына кирген өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташуу маселелерин тартипке салып турган эл аралык аймактык уюм. КМШ ыктыярдуу негизде иштейт жана мамлекеттердин алдындагы түзүм болуп эсептелбейт.
Киевдин КМШнын курамынан чыгуу ниети тууралуу билдирүүсү Украина менен Орусиянын ортосундагы аймактык талаш-тартыштардын күчөшүнүн фонунда орун алды.
17-марттагы референдумда Крым Орусияга кошулуу үчүн добуш берген, ошол эле күнү парламент депутаттары жарым аралдын Украинанын курамынан чыккандыгы жөнүндө токтом кабыл алышып, аны суверендүү мамлекет деп жарыялашкан.
Дээрлик эки айдан кийин — 11-майда — «федерализациянын тарапташтары» Украинанын Донецк жана Луганск облустарында дагы бир референдум өткөрүшкөн. Анын жыйынтыктары украин бийликтери менен батыш өлкөрү тарабынан таанылган жок.
Өздөрүн элдик республика деп жарыялаган аймактар башкы өнөктөш катары эсептеген Орусия Украинанын чыгышындагы жашоочулардын тандоосун «сыйлай тургандыгын» билдирген. Бирок азырынча андагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын расмий түрдө таанууга шашылбай эле.
Авторлор: Анна Лелик жана Майрам Абакирова