Бишкектин түштүк-чыгышындагы жер титирөө: каза болгондор жана кыйроолор жок

28-май күнү эртең менен Европа-жер ортолук деңиз сейсмикалык борбору тарабынан Бишкектен түштүктү көздөй 14 чакырым алыстыкта 4,6 баллдык жер силкинүү катталган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, каза болгондор жана кыйроолор жок.

4,6 баллдык жер силкинүү Европа-жер ортолук деңиз сейсмикалык борбору тарабынан Бишкектен түштүктү көздөй 14 чакырым алыстыкта, Жогорку Ала-Арча аймагында катталды. ӨКМдин маалыматы боюнча каза болгондор жана кыйроолор жок.

Европа-жер ортолук деңиз сейсмикалык борборунун маалыматына ылайык, жер титирөө эртең мененки саат 8:26да орун алган. Силкинүүнүн чок ортосу бир чакырым тереңдикте болгон.

Жер силкинүүнү Бишкектин тургундары да сезишкен. Биринчилерден болуп ал тууралуу Кыргызстандагы эң ири форум болуп эсептелген «Дизелдин» колдонуучулары жазышты.

“Биздин имаратты бир аз солк эттирди… Баары бүттү деп ойлогом [...]. Баса, имаратыбыз беш жыл мурун курулган”, — деп жазган Nazik аттуу колдонуучу.

Ал эми Центр Вигенс деген колдонуучу жер титирөө «вертикалдуу» болгонун жазган.

Шаардыктардын кээ бирлери жер силкинүүнү таптакыр эле сезишкен эмес:

“Жумушта аялдар ызы-чуу кылып жиберишти, өзүм болсо сезген жокмун, алдап атышат деп ойлогом, көрсө чынында эле болгон турбайбы!” — деп жазган Левый аттуу колдонуучу.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы азырынча каза болгондор жана кыйроолор тууралуу маалымат жок экенин билдирди.