Келдибековдун тарапташтары Ош-Эркештам унаа жолун тосушту

Коррупцияга айыпталып жаткан депутат Акматбек Келдибековдун тарапташтары өлкөнүн түштүгүндөгү Ош-Эркештам унаа жолун тосушту, деп билдирүүдө «Азаттык» радиосу. 26-майда Октябрь райондук соту саясатчынын УКМКнын тергөө абагындагы камак мөөнөтүн дагы бир айга — 27-июнга чейин узарткан.

Басылма Ош облустук ИИБсине шилтеме жасоо менен нааразы болгондор жолду Тамчы аймагында тосуп алгандыктарын билдирүүдө. Маалыматка ылайык, жолду эки тараптан унаалар тосуп, алардын ортосуна таштар төгүлгөн.

«Андагы митингдин катышуучулары чогулуш өткөрүшүп, Келдибековдун саламаттыгына байланыштуу анын баш коргоо чарасын өзгөртүү талабы менен бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жолдошту», — деп билдирген ИИМдин басма сөз катчысы Жеңиш Айдаров «Азаттыка».

Жол тосуу акциясынан видео. Булак: «Кабарлар» маалымат сайты:

УКМКнын тергөө абагына өткөн жылдын ноябрында камалгандан бери депутатка бир нече жолу операция жасалган: бир жолу тизесине жана эки жолу чыканагына.

Учурда Ош-Эркештам унаа жолундагы абалды 200гө чукул милиция кызматкери көзөмөлдөп турат.

Күн мурун, 26-майда Бишкектин Октябрь райондук соту Келдибековдун камактагы мөөнөтүн дагы бир айга — 27-июнга чейин узарткан болчу.

Жогорку Соттун соттук коллегиясы Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча саясатчынын жактоочусунун арызын 26-майда карашы керек болчу, бирок арыздын кайрадан чакырылып алынгандыгына байланыштуу каралган жок.

Келдибековдун камалышы

Акматбек Келдибековго карата салык кызматы менен социалдык фондду башкарып турганда кызмат абалын ашыкча пайдаланган деген айып өткөн жылдын ноябрында тагылган.

Саясатчы Мамлекеттик салык кызматын жетектеп турган 2008-2010-жылдары салык чогултуу боюнча функцияны «Бизнес партнер» деген жеке компанияга мыйзамсыз берген деп шектелүүдө.

Ошондой эле ал 2005-жылы «көчүрмөлөрдү басып чыгаруу үчүн жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринен» «Ротак-Бишкек» компаниясына 21 млн сом каражатты мыйзамсыз бөлүп берген деп айыпталып жатат.

Андан сырткары Акматбек Келдибековго эл аралык парламенттик уюмдарда парламенттин толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишмердигин координациялоо маселеси боюнча атайын өкүлчүлүктүн кызматын мыйзамсыз түзгөн деген айып тагылууда.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ал атайын өкүлчүлүктү каржылоого 10 млн. сом жумшалган.

Оппозициялык саясатчы өзүнүн кармала тургандыгын билген жана алдын ала күнөөсү жоктугу жөнүндө видео кайрылуу жаздырууга үлгүргөн. Ал өзүн саясий мотивдер менен камакка алынды деп эсептейт.

Буга чейин башкы прокурор Аида Салянова эгер Келдибеков күнөөлүү деп табылса 10 жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүндүгүн билдирген.