Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча жол картасы кабыл алынды

29-майда Астанада өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында Бажы биримдигине мүчө өлкөлөр Кыргызстандын экономикалык блогго кошулушу боюнча иш-чаралардын планына кол коюшту. Документтин кабыл алынышы республиканын Бажы биримдигине киришине каршы болгондор менен милициянын ортосундагы кезектеги тирешүүнүн фонунда орун алды.

Астанада өлкө башчыларын кабыл алган Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев биримдикке мүчө өлкөлөр — Орусия, Беларусь жана Казакстан — Кыргызстандын экономикалык блогго кириши боюнча жол картасын жактыргандыктарын билдирди.

Жыйында сөз сүйлөгөн Алмазбек Атамбаев республиканын Бажы биримдиги менен алакалашуусун «терең ойлонулган чечим» деп атады.

« Бажы союзунун мүчө-өлкөлөрү биздин негизги экономикалык  өнөктөшүбүз гана эмес. Эң оболу руху боюнча, элдерибиздин  жалпы тарыхы боюнча  бизге жакын, тил боюнча дагы ортодо эч тоскоолдук жок. Жалпы келечекти биргелешип куруу милдети маңдайыбызга жазылган экен», — деп жазган Атамбаевдин айткандарын анын басма сөз кызматы.

Президент изилдөөлөр менен экономикалык божомолдоолорго таянуу менен өлкө Бажы биримдигине киргенден кийин аны бир топ кыйын учурлар күтүп турганы боюнча тынчсыздануусун билдирди.

«Биринчи кезекте бизди мүмкүн болчу өндүрүштүн төмөндөшү жана жумушсуздуктун өсүшү тынчсыздандырат.  Биздин көйгөйлөрүбүздү түшүнүп, ошого жараша аларды чечүүдө олуттуу колдоого ээ болсок деген ниеттебиз» ,- деди Алмазбек Атамбаев.

Ошондой эле өлкө башчыларынын жолугушуусунда республиканын Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке, андан кийин Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуу маселеси да талкууланды.

Милиция менен Бажы биримдигинин каршылаштарынын ортосундагы тирешүү

Кыргызстандын экономикалык блогго киришин талкулоо бийлик менен өлкөнүн Бажы биримдигине кирүүсүнө каршы болгондордун тирешүүсү кызып турган маалда орун алды.

Жол картага кол коюлган 29-май күнү «Кыргызстан Бажы биримдигине каршы» кыймылынын активисттеринен турган топ милиция кызматкерлери алардын көчөдө өткөргөн — «Мен Бажы биримдигине каршымын» деген жазуудагы футболкалар менен сүрөткө түшүү жана аларды коомдук желелерге жайылтуу — иш-чарасын «үзгүлтүккө учуратууга аракет кылгандыктарын» билдиришти.

«Кыргызстан Бажы биримдигине каршы» кыймылынын активисттери каршылык билдирген жазуулары бар футболкаларда сүрөткө түшүп жатышат.
«Кыргызстан Бажы биримдигине каршы» кыймылынын активисттери каршылык билдирген жазуулары бар футболкаларда сүрөткө түшүп жатышат.

Активисттердин айтымдарында, «кыймылдын катышуучуларына борбордук милициянын кызматкерлери телефон чалышып,  иш-чаранын кайсыл жерде өтө тургандыгын токтолбостон кайра-кайра сурашкан», деп билдирүүдө 24.kg маалымат агенттиги.

Бирок кыймылдын катышуучулары «милициянын камакка алууларынын алдын алуу үчүн» акцияны каалаган жерде өткөрө тургандыктарын билдиришкен.

Бул Бажы биримдигине каршы болуп жаткандардын алгачкы акциясы эмес.

Алардын 20-майда Ак үйдүн алдында өткөн буга чейинки акциясынын жүрүшүндө милиция тарабынан беш активист кармалып, Биринчи май райондук милиция бөлүмүнө жеткирилгенден кийин аларга карата Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекстин 371-беренесинин негизинде (Ички иштер кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө) айып тагылган.

Бишкек ШИИБси акциянын жүрүшүндө активисттер тротуарды тосуу менен митингге катышпаган жарандардын ары-бери эркин өтүүлөрүнө тоскоолдук жаратып, милициянын эскертүүлөрүнө көңүл бурбай койгондуктарын билдирген.

Анда сот активисттердин үчөөсүн — Бурул Макенбаева, Олеся Ким жана Өндүрүш Токтонасыровду актаган. Дагы экөөсүн — Алмаз Алжанбаев менен Толгонай Конушбаевди — сот административдик тартип бузууга күнөөлүү деп таап, аларга эскертүү берген.