АКШ Көлбаевдин кылмыштуу тобу тууралуу маалымат үчүн миллион доллар сунуштады

АКШнын Мамлекеттик департаменти криминал төбөлү Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобу тарабынан уюштурулган «каржы механизмдеринин бузулушуна алып келе турган» маалыматтар үчүн сыйлык катары миллион долларга чейинки каражат убадалады.

Американын Мамлекеттик департаменти сыйлык берүү тууралуу билдирүүсүн 29-майда жарыялады.

Анда Көлбаевдин кылмыштуу тобу тууралуу маалыматка ээ болгон каалаган адам телефон же электрондук почта аркылуу АКШнын Каржы министрлигине же жакынкы Америка элчилиги менен консулдук бөлүмдөрүнө кайрыла ала тургандыктары жазылган.

Мамдепартамент маалыматтардын бардыгы тең «жашыруун» болорун билдирип ишендирүүдө.

«АКШнын Конгресси эл аралык кылмыштуу топторду аныктап, алардын мүчөлөрү менен лидерлерин жоопкерчиликке тартууга жардам берүү максатында 2013-жылы эл аралык уюшкан кылмыштуу топтор тууралуу маалымат үчүн сыйлык берүү программасын иштеп чыккан», — деп жазылган билдирүүдө.

Криминал төбөлү Камчы Көлбаев АКШ тарабынан 2012-жылдын февралында дүйнөнүн ири баңгитөбөлдөрүнүн тизмесине киргизилген. Америка бийлиги Көлбаевдин кылмыштуу тобу мыйзамсыз маңзатын, курал-жарак жана адамдарды сатуу, ошондой эле дагы башка кылмыштарга катышып келерин билдирген.

«Көлбаевдин кылмыштуу желеси курамына Евразиялык бир нече уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү кирген «Братский круг» деген кеңири жайылган эл аралык топтун бир бөлүгү болуп саналат», — деп жазылган Мамлекеттик департаменттин пресс-релизинде.

Кыргызстандагы соттук териштирүүлөр

Көлбаев кыргыз бийлигине 2012-жылдын июлунда Бириккен Араб Эмираттарында жүргөндө өз эрки менен багынып берген. 17 айдан бери ал Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта.

Өткөн жылдын декабрында Бишкек шаардык соту ага карата үч жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Камчы Көлбаев Кылмыш кодексинин 170чи — «бирөөнүү опузалап мүлкүн тартып алуу» беренеси боюнча гана күнөөлүү деп табылып, дагы алтоосу боюнча акталган:

  • 30-берене — кылмышка катышуу;
  • 125-берене — мыйзамсыз эркинен ажыратуу;
  • 105-берене — адам саламаттыгына зыян келтирүү;
  • 123-берене — адам уурдоо;
  • 241-берене — ок атуучу куралдарга мыйзамсыз ээлик кылуу, башка бирөөнө берүү, сатуу, сактоо, ташуу же жанында алып жүрүү;
  • 247-берене — баңгизаттарын мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, ташуу, сатуу үчүн жөнөтүү, ошондой эле баңги, акыл-эстен тандырчу заттарды, же башка маңзаттарын даярдоо же сатуу;

Көлбаев камактагы мөөнөтүнүн көбүн тергөө абагында өткөргөндүктөн анын үстүбүздөгү жылдын июлунда эркиндикке чыгышы күтүлүүдө. Анткени тергөө абагында өткөргөн ар бир күн эки күн катары эсептелет.

Биринчи сот эмес

Көлбаев 90-жылдары эле Кыргызстандагы таасирдүү криминал авторитети катары эсептеле баштаган. Бул анын үстүнөн өз өлкөсүндө өтүп жаткан алгачкы сот процесси эмес

90-жылдардын аягында ал кылмыш чөйрөсүнө таасир этүү үчүн криминал авторитети Рыспек Акматбаев менен атаандашып турган, бирок аны өлтүрүү максатында кол салгандыгы, ошондой эле эки «рыспекчини» өлтүргөндүгү үчүн 2000-жылы 25 жылга эркинен ажыратылган болчу.

2006-жылы ал жатак абагына которулгандан кийин качып кеткен, ал эми бир жылдан кийин Кыргызстандын бийлиги аны издөөсүн токтоткон.

2010-жылдагы революцияга чейин Көлбаев жарым-жартылай жашыруун жашоо мүнөзүн өткөрүп келген, анын жети боз үй тигип, 2008-жылы Нарын облусунда уюштурган майрамдык иш-чарасы өзгөчө талкуу жараткан — анда президент Курманбек Бакиевдин иш башкармалыгынын чиновниктеринин жүргөнү дагы байкалган.

Апрель революциясынан кийин Көлбаев кайрадан кармалган, бирок көп өтпөй Бириккен Араб Эмираттарына качып кеткен.

Кыргызстандын бийлиги 2011-жылы аны өткөрүп берүүнү талап кылган. Көлбаев бир канча убакыт Интерпол тарабынан кармалып да турган, бирок ошол эле жылдын сентябрь айында бошотулган.