Видео: Ош-Эркештам унаа жолу Келдибековдун тарапташтары тарабынан беш күндөн бери жабык турат

Ош-Эркештам унаа жолу 27-майдан бери коррупцияга айыпталып жаткан депутат Акматбек Келдибековдун тарапташтары тарабынан жабык турат.

Унаа жолу 27-майдан бери жабык турат — Жол коррупцияга айыпталган эл өкүлүнүн УКМКнын тергөө абагындагы мөөнөтү дагы бир айга — июндун аягына чейин узартылгандын эртеси Келдибековдун тарапташтары тарабынан тосулган.

Депутаттын тарапташтары Келдибековдун «саламаттыгынын начарлап кеткендигине» байланыштуу анын баш коргоо чарасынын өзгөртүлүшүн талап кылып жатышат.

УКМКнын тергөө абагына өткөн жылдын ноябрында камалгандан бери депутатка бир нече жолу операция жасалган: бир жолу тизесине жана эки жолу чыканагына.

Видео: Келдибековдун тарапташтары жолдун тосулган бөлүгүндө бийлеп жатышат. Автору: Адилет Айтикеев.

ИИМдин берген маалыматы боюнча, учурда жолдун тосулган бөлүгүндө Акматбек Келдибековдун 80ге чукул тарапташы — «туугандары, жакындары жана тааныштары» — бар.

Унаа жолдун тосулган бөлүгүндөгү абалга укук коргоо органдарынын 50гө жакын кызматкери көз салууда.

«Негизинен, жол оор жүк унаалары үчүн жабык. Унаалардын өтө көп топтолгону да байкалбайт, бирок оор жүк ташуучу унааларды баары бир өткөрбөй жатышат», — деди ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Жоробай Абдраимов Kloop.kgге берген маегинде.

«10 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн»

Акматбек Келдибековго карата салык кызматы менен социалдык фондду башкарып турганда кызмат абалын ашыкча пайдаланган деген айып өткөн жылдын ноябрында тагылган.

Саясатчы Мамлекеттик салык кызматын жетектеп турган 2008-2010-жылдары салык чогултуу боюнча функцияны «Бизнес партнер» деген жеке компанияга мыйзамсыз берген деп шектелүүдө.

Ошондой эле ал 2005-жылы «көчүрмөлөрдү басып чыгаруу үчүн жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринен» «Ротак-Бишкек» компаниясына 21 млн сом каражатты мыйзамсыз бөлүп берген деп айыпталып жатат.

Андан сырткары Акматбек Келдибековго эл аралык парламенттик уюмдарда парламенттин толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишмердигин координациялоо маселеси боюнча атайын өкүлчүлүктүн кызматын мыйзамсыз түзгөн деген айып тагылууда.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ал атайын өкүлчүлүктү каржылоого 10 млн. сом жумшалган.

Оппозициялык саясатчы өзүнүн кармала тургандыгын билген жана алдын ала күнөөсү жоктугу жөнүндө видео кайрылуу жаздырууга үлгүргөн. Ал өзүн саясий мотивдер менен камакка алынды деп эсептейт.

Буга чейин башкы прокурор Аида Салянова эгер Келдибеков күнөөлүү деп табылса 10 жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүндүгүн билдирген.