Видео: Социалдык өнүктүрүү министри эл аралык бала асырап алуу боюнча жаңы жобо тууралуу

Мекеме башчысы Кудайберген Базарбаев мурунку министрге байланышкан чатактан кийин эл аралык бала асырап алуу тармагына кандай өзгөртүүлөр киргизилгендиги тууралуу журналисттерге айтып берди.

Базарбаев журналисттер менен болгон 2-июлдагы жолугушуусунда мекеме эл аралык бала асырап алуу тармагынан «коррупцияга жол ачкан» пункттарды алып салганын билдирди.

Министрдин айтымында, биринчиден, Кыргызстандын аймагында эл аралык бала асырап алуу менен алектенүү үчүн каттоодон өтүшү керек болгон уюмдардын саны боюнча чектөөлөр алынып салынган.

Буга чейин кыргыз балдарын чет элдик үй-бүлөлөргө берүү процесси менен ар бир өлкөдөн үчтөн гана уюм алектенүүгө укуктуу болчу.

Базарбаев чектөөнүн алынышын буга чейин уюмдардын каттоодон өтүү үчүн «мыйзамсыз жолдорду» издеп келгендиги менен түшүндүрдү — андай чатактардын бири эл аралык бала асырап алуу менен алектенген уюмдан пара талап кылгандыгы үчүн 5 жылга эркинен ажыратылган мурунку министр Равшан Сабиров менен байланыштуу.

«Америкада бул өтө кеңири тараган. Элестетсеңер, Америкадан 46 уюм келсин, анан алардын үчөөсү гана тизмеге кире ала тургандыктарын билишсе — эмне кылышат? Түшүнүктүү да ээ? Алар ал тизмеге кирүү үчүн кандайдыр бир мыйзамсыз жолдорду издей башташат. Биз ал чектөөлөрдү ошол үчүн алып салдык», — деди министр.

Базарбаев билдиргендей, экинчиден, эл аралык бала асырап алуу процессине тартылган чиновниктердин жеке жоопкерчиликтери күчөтүлдү.

«Качан министр кол коюп жатканда: «Мен жооп бербейм, жобо боюнча, мен жөн гана комиссиянын эркин аткарып жатам», деп айткан. А комиссия болсо: «Жок, ал жакта биздин колубуз жок, министр кол койгон» деп билдирген. Сыртынан караганда бул жакшы иштей көрүнгөнү менен чынында жеке жоопкерчилик төмөндөп жатат», — деди ал.

Министрдин айтымында, үчүнчүдөн, эл аралык уюмдарды каттоо үчүн тандап алууда катаал эрежелер белгиленген.

«Ал уюм эл аралык бала асырап алуу тармагында 10 жылдан кем эмес иштеши керек, деген пункт киргизилди. Уюмдардын репутациясы, өз тарыхы болушу керек», — деди Базарбаев.

Анын айтымында, кыргыз балдары үчүн чет өлкөлөрдөн багып алуучу ата-энелерди издөө боюнча учурда 8 уюм каттоодон өткөн.

Кыргызстандагы эл аралык бала асырап алуу

Балдарды чет элдик жарандардын асырап алышына 2008-жылы тыюу салынган, анда андай чечимдин кабыл алынышы балдарды алардын органдары үчүн багып алууга алып жаткандыктары жөнүндө тарап кеткен ушактар менен түшүндүрүлгөн.

Бирок 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин өлкөнүн жаңы жетекчилиги ал мораторийди алып салып, эл аралык бала асырап алуу боюнча уюмдарды каттоодон өткөрүү тартибин киргизүүнү убадалаган.

Тыюу 2011-жылы майда алынып, бийлик тарабынан кыргыз министрликтери жана мекемелеринин өкүлдөрүнөн турган каттоо боюнча комиссия түзүлгөн.

Ошол эле маалда эл аралык бала асырап алуу менен алектенүүгө уруксат алуу боюнча арыздарды кабыл алуу башталган.

Бирок бир жыл өткөндөн соң социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировдун эл аралык бала асырап алуу боюнча чет элдик уюмдан пара талап кылгандыгына байланышкан чатак чыккан.

Сабиров пара талап кылууга тиешеси бардыгы тууралуу тагылган айыптарды четке какканына карабастан 5 жылга эркинен ажыратылган. Бирок эки жылдан кийин Адам укуктары боюнча декларациянын 65 жылдыгына карата мунапыс менен эркиндикке чыгарылган.