Түштүктө жол тоскондор милиция кызматкерин сабашты

Коррупцияга шектелип камакка алынган депутат Акматбек Келдибековдун тарапташтары 3-июнда райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерин сабап салышкан. Укук коргоо органынын кызматкери акциянын катышуучулары менен Кыргызстандын түштүгүндөгү Ош-Эркештам унаа жолун ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан.

3-июнь күнү милициянын Алай райондук бөлүмүнүн кызматкери Ош-Эркештам унаа жолун ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Келдибековдун тарапташтары тарабынан сабалган.

Облустук милициянын басма сөз катчысы Жеңишбек Ашырбаевдин айтымында, демонстранттар милиция кызматкерин жылкыга байлап, аны 40 метрге чейин сүйрөп барган соң ур-токмокко алышкан.

«Беткап кийген атчан адамдар аларды (милиция кызматкерлерин) мазакташып, таяктар менен урушкан. А жөө жүргөндөрү аларды тепкилешкен, анан жыйынтыгы мына мындай болууда», — деди Ашырбаев Kloop.kgге берген маегинде.

Бирок азырынча анын бул айткандарын башка булактардан текшерүүгө мүмкүн болбой эле — Ош-Эркештам унаа жолундагы нааразычылык акциясынын катышуучулары түшүндүрмө алуу үчүн жеткиликсиз болуп жатышат.

Укук коргоо органдары ур-токмокко алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгошту. Эгер шектелип жаткандардын күнөөлөрү далилденсе алар 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө эрктеринен ажыратылуулары мүмкүн.

Учурда милиция кызматкерлери Келдибековдун тарапташтарына жакын баруудан чочулап турушат — басма сөз катчы муну кечээ укук коргоо органдарын «таштар жана таяктар менен ургандыктары» менен түшүндүрдү.

Анткен менен Ашырбаев кечээкиге караганда ушул сааттардагы андагы абал «туруктуу» экенин билдирди.

Бул Ош-Эркештам унаа жолунда милиция кызматкеринин биринчи жолу сабалышы эмес — 31-майда да нааразычылык акциясынын катышуучулары милиция кызматкерине кол салышкан.

Анда укук коргоо органдары Келдибековдун тарапташтарына каршы үч кылмыш ишин козгошуп, милиция кызматкерине кол салгандарды өткөрүп берүүлөрүн талап кылышкан.

Бирок демонстранттар милиция кызматкерин сабабагандыктарын билдиришип, укук коргоо органдарына өз кишилерин өткөрүп берүүдөн баш тартышкан.

Жол тогуз күндөн бери жабык

Ош-Эркештам унаа жолу 27-майдан бери Келдибековдун камактагы мөөнөтүнүн дагы бир айга узартылгандыгына каршы болгон демонстранттар тарабынан жабык турат.

3-июнда Мамлекеттик бажы кызматы жолдун тосулушу өлкө казынасына дээрлик 110 млн. сомдук зыян алып келгендигин билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, бул каржылык жоготуулар оор жүк ташуучу унаалардын бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн Ош тарапка өтө албай тургандыгына жана ишкерлердин «Эркештам» өткөрмө пункту аркылуу Кытайдан товар алып келүүдөн кооптонуп жаткандыктарына байланыштуу.

Азырынча нааразычылык акциясынын катышуучулары менен болгон сүйлөшүүлөр эч кандай жыйынтык бере элек — облустук милициянын өкүлү учурда алар менен жолугуу үчүн Келдибековдун партиялашы, «Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бара жаткандыгын билдирди.

«10 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн»

Келдибековго салык кызматы менен социалдык кызматты жетектеп турган кезде кызматтык укуктарын ашыкча пайдаланган деген айып өткөн жылдын ноябрында тагылган.

Саясатчы салык чогултуу боюнча функцияны «Бизнес партнер» деген жеке компанияга мыйзамсыз берген жана 2005-жылы «көчүрмөлөрдү басып чыгаруу үчүн жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринен» «Ротак-Бишкек» компаниясына 21 млн сом каражатты мыйзамсыз бөлүп берген деп айыпталып жатат.

Андан сырткары Акматбек Келдибековго эл аралык парламенттик уюмдарда парламенттин толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишмердигин координациялоо маселеси боюнча атайын өкүлчүлүктүн кызматын мыйзамсыз түзгөн деген айып тагылууда.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ал атайын өкүлчүлүктү каржылоого 10 млн. сом сарпталган.

Оппозициялык саясатчы өзүнүн кармала тургандыгын билген жана алдын ала күнөөсү жоктугу жөнүндө видео кайрылуу жаздырууга үлгүргөн. Ал өзүн саясий мотивдер менен камакка алынды деп эсептейт.

Буга чейин башкы прокурор Аида Салянова эгер Келдибеков күнөөлүү деп табылса 10 жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүндүгүн билдирген.

Автор: Нуржамал Жаныбекова