5-июнда Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин төрагасы Бабырбек Жээнбеков кызматынан бошотулду. Буга чейин анын кызматкери пара менен кармалган болчу.
Өкмөттүн басма сөз кызматы Жээнбековду кызматынан бошотуунун себептери боюнча эч кандай түшүндүрмө бере алган жок.
Болгону буйрукка премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин кол койгондугу гана белгилүү.
Жээнбеков «Кудайберген» базарында орун алган жаңжалдан эки апта өткөн соң кызматынан кетирилди. Анда Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин кызматкери Нургалы Кудаяров 300 миң сом өлчөмүндө пара алгандыгы үчүн кармалган.
Видео: Кудаяровдун кармалышы
Болжолдуу түрдө базардын директору Эльвира Сурабалдиева тарабынан жазылып алынган аудиокөчүрмөдө Кудаяровдун пара Жээнбеков үчүн экендигин айтып жатканы угулат.
Кудаяровдун параны эмне үчүн алгандыгы так белгисиз, бирок ал кармалаардын алдында Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги «Кудайберген» базарынын ээлеринин ижара акысын жогорулата тургандыгына нааразы экендигин билдирген.
Сурабалдиев менен Кудаяровдун ортосундагы маектин аудиокөчүрмөсү:
Жээнбековдун кызматынан алынгандыгы белгилүү болгондон кийин Сурабалдиева өзүнүн «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин башчысы «өтө эле оңой кутулуп кеткендигин» жазган.
«Азыр куттуктаганга эрте — бул жөн гана башка бирөөлөрдүн фонундагы адам. Кызматын эркиндикке алмаштырып байкебиз өтө оңой кутулуп кетти. Анда дагы статс-катчы бар, учурда менин бизнес өнөктөштөрүмө асылып жатат», — деп жазган ал.
Кызматтан кетирүү чечими боюнча сотко кайрылат
Жээнбековдун өзү «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасына берген маегинде аны кызматтан кетирүү чечими боюнча сотко кайрыла тургандыгын билдирген.
«Мен кечээтен бери больничныйдамын, эмгек кодексине ылайык, мени кызматтан кетире алышпайт. Буга байланыштуу сакайгандан кийин мени кызматтан кетирүү чечими боюнча сотко кайрылам», — деди Жээнбеков.
Анын пикиринде, ал кызматынан Ош аба майданына күйүүчү май жеткирүү менен алектенген «ИНТЭК» компаниясынын акцияларынын 50 пайызын орусиялык «Роснефть» корпорациясына сатууга каршы болгондуктан улам четтетилген.
«Бул маселе боюнча түрдүү деңгээлде бир нече жолу кеңешмелер өткөрүлгөн. Өкмөт «ИНТЭК» ЖЧКсынын акцияларын сатуу зарылдыгы тууралуу корутундуну Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги бериши керектигин билдирген. Бирок мен ага макул болбой койгом. Менин божомолумда, кызматтан кетишиме ушул себеп болгон болушу мүмкүн», — деди ал.
Ошондой эле Жээнбеков аны кызматтан кетирүү көрсөтмөсү президенттин аппаратынан келген болушу ыктымалдыгын айтты.
Кызматынан бошотулган Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин башчысы жыл башында оппозициянын лидерлеринин бири болгон депутат Равшан Жээнбековдун атасы.
Автор: Алексей Ким