Бостондогу жардыруу боюнча айыпталып жаткан кыргызстандык жаран күнөөсү жок экенин билдирди

Бостондогу жардыруу боюнча айыпталып жаткан кыргызстандык жаран күнөөсү жок экенин билдирди. Массачусетс штатынын бийлиги аны жалган көрсөтмө берген жана тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук кылган деп айыптап жатат.

Кыргызстандын 23 жаштагы жараны Хайрулложон Матанов 4-июнда сот алдында жооп берди — ал Массачусетс штатынын бийлиги тарабынан коюлуп жаткан айыптоолорду четке кага тургандыгын билдирди.

Матанов өз компьютериндеги далилдерди өчүргөн жана атайылап жалган көрсөтмө берген деп айыпталып жатат.

Айыптоо өкүмүндө Матановдун жардырууларга катышкандыгы же алар тууралуу алдын ала билгендиги боюнча эч нерсе айтылган эмес.

Мамлекеттик айыптоо аны Тамерлан Царнаевдин «жакын досу» жана Джохар Царнаевдин «таанышы» болгондугун билдирүүдө — ал эки бир тууган өткөн жылдын апрелинде Бостон марафонундагы жардырууларды уюштурган деп айыпталып жатышат.

Прокурордун жардамчысы Скотт Гарланд Матанов бир тууган Царнаевдер менен болгон байланыштары боюнча сурактын жүрүшүндо бийлик өкүлдөрүн «бир нече жолу алдагандыгын» билдирди.

Кыргызстандыктын жактоочусу Эдвард Хайден ал жактоого алган Матанов тескерисинче, ФБР (Федералдык тергөөлөр бюросу) шектелип жаткан бир туугандардын сүрөтүн жарыялагандан кийин полиция менен кызматташып, көрсөтмө бергендигин айтты.

Андан сырткары мамлекеттик айыптоо Матанов жардыруудан 40 мүнөт өткөндөн кийин Тамерлан Царнаевге телефон чалып, аны түштөнүүгө чакыргандыгын билдирди.

Бир тууган Царнаевдер Бостон марафонунда.
Бир тууган Царнаевдер Бостон марафонунда.

Хайден жооп катары Матановдун чындыгында эле жардыруудан кийин Царнаевдер менен сүйлөшкөнүн, бирок алар «терактты бардык адамдардай эле талкуулашкандыгын» билдирди. Жактоочунун айтымында, Царнаев ал сүйлөшүүсүндө болуп өткөн теракттагы өзүнүн ролу тууралуу кыргызстандыкка эч нерсе айткан эмес.

Хайрулложон Матанов далилдерди жок кылгандыгы үчүн 20 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ошондой эле ал ар бир жалган көрсөтмөсү үчүн дагы сегиз жылдык мөөнөт алышы ыктымал.

Матанов айыпталып жаткан төрт эпизод боюнча тең үч жыл полициянын көзөмөлүндө эркиндикте болуу жана 250 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү айып төлөтүү жазалары каралган.

Бирок Матановдун дарегине айтылып жаткан бир катар айыптоолорго карабастан Массачусетс аймагынын прокуратурасы анын бардыгы тең жөн гана божомолдоолор экенин, ал эми шектүү адам анын күнөөсү сотто далилденмейинче күнөөсүз деп эсептелээрин билдирүүдө.

Шектүү акча которуулар

Айыптоочулар буга чейин Матанов чет өлкөгө акча которууда башка ысымдарды пайдаланып, өзүнүн шектүү жүрүш-турушун көрсөткөндүгүн билдирди.

ФБРдин маалыматтары боюнча, Матанов 2010-жылдан 2013-жылга чейин жалпы суммасы 71 миң доллардан ашкан каражатты 15 түрдүү адамга жөнөткөн.

Агент Тимоти МакЭлрой алардын 56 590 долларын  Матанов өзүнүн үй-бүлөсүнө, а калгандарын — 14 800 долларды — ага тууган эмес башка адамдарга жөнөткөндүгүн айтты.

Кыргызстандыктын жактоочусу акча которуулардын «терроризмге эч кандай тиешеси жоктугун» билдирди.

«Жөн гана ага (Матановго) акчаны өз аты менен жөнөтүү оңтойсуз болгон», — деди жактоочу сот жыйынынын жүрүшүндө.

Бостон марафонундагы жардыруулар

Аралыгы бир нече секундду түзгөн эки жардыруу жыл сайын өтүүчү Бостон марафонунда 2013-жылдын 15-апрелинде орун алган. Жардыруучу зат жеңүүчүлөр марага жеткенден жарым саат өткөндөн кийин (бирок жарыштын калган катышуучулары мара сызыгына жете электе) болжол менен жергиликтүү убакыт боюнча саат күндүзгү үчтөр чамасында ишке киргизилген.

Жардыруулардын жыйынтыгында жалпысынан үч киши каза болуп, дагы 250дөн ашыгы түрдүү жаракаттарды алышкан.

Анда Американын полициясы жардыруу болгон жердеги видео көзөмөл камерасындагы көчүрмөлөргө таянуу менен терактты уюштурууга Түндүк Кавказдан барган Джохар жана Тамерлан Царнаевдер шектелип жаткандыктарын билдирген.

18-апрель күнү Бостондун сыртындагы Массачусетс технологиялык университетиндеги ок атышуулар тууралуу маалымат келип түшкөндөн кийин Джохар Царнаевди колго түшүрүү операциясы башталып, бир нече саатка созулган. Ал ок атышуунун жүрүшүндө университеттин коопсуздук кызматынын полициясы оор жаракат алып, кийинчерээк ооруканадан көз жумган.

Жардыруулардын жыйынтыгында жалпысынан үч киши каза болуп, дагы 250дөн ашыгы түрдүү жаракаттарды алышкан.
Жардыруулардын жыйынтыгында жалпысынан үч киши каза болуп, дагы 250дөн ашыгы түрдүү жаракаттарды алышкан.

Ошол эле күнү кечинде колго түшүрүү маалында орун алган ок атышуунун натыйжасында бир туугандардын улуусу Тамерлан Царнаев өлтүрүлгөн. Кийинчерээк полиция тарабынан анын иниси Джохар кармалып, камакка алынган.

Царнаев күнөөсүн мойнуна алган эмес. Ал массалык кыйратуучу жана ок атуучу куралдарды колдонгон, ошондой эле төрт адамды өлтүргөн деп айыпталып жатат. Эгер ал тагылып жаткан айыптар боюнча күнөөлүү деп табылса, анда өлүм жазасына буюрулуусу мүмкүн. Царнаевдин иши боюнча сот 2014-жылдын ноябрына белгиленген.