Эгер «Кумтөрдүн» жетекчилиги менен Кыргызстандын бийлиги ишкананын 2014-жылга белгиленген тоо-кен иштеринин планы боюнча бир пикирге келе алышпаса шахтерлор массалык митингге чыгууга даяр.
Тоо-кен металлургиялык профсоюзунун төрагасы Элдар Тажыбаев эгер ишкананын 2014-жылга белгиленген тоо-кен иштеринин планы бекибегендиктен улам «Кумтөрдүн» иши токтой турган болсо 3500 жумушчу митингге чыгууга даяр экенин билдирди.
«Эгер адамдар жумушсуз калышса, албетте алар жумуштарын кайрадан талап кылып митингге чыгуулары мүмкүн», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.
Эгер бийлик «Кумтөр» компаниясынын 2014-жылга белгиленген тоо-кен иштеринин планын бекитип бербесе, анда 13-июндан тарта Кыргызстандагы эң ири алтын иштетүүчү ишкананын иши убактылуу токтоп калышы мүмкүн
Бирок Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктен Kloop.kgге билдиришкендей, казуу иштеринин жаңы планы Кыргызстандын Суу кодекси менен корголгон Давыдов мөңгүсүнө зыян келтирет, ошондуктан азырынча алардын планы бекитиле элек.
«Эң башкы маселелердин бири болуп Давыдов мөңгүсүнө кандай таасир тийгизе тургандыгы эсептелинет. Ал планга ылайык, тоо-кен иштерин кеңейтүү мөңгүгө таасирин тийгизет, анткени аны менен кошо Кумтөр кенинин карьери да кеңейет», — деди Kloop.kgге агенттиктин басма сөз катчысы Касиет Карачолокова.
Анын айтымында, мөңгүлөргө байланышкан маселелер чечилмейинче «Кумтөрдүн» тоо-кен иштеринин планы бекитилип берилбейт.
Тоо-кен металлургиялык профсоюзунун башчысы Давыдов мөңгүсүн тийбей туруп «Кумтөрдө» казуу иштерин жүргүзүүгө «таптакыр мүмкүн эмес» деп эсептейт.
«Кандай болгон күндө да мөңгүнү иштетүүгө туура келет. Эгер андай кылбаса борт түшүп кетиши мүмкүн да карьердин түбү ири көлөмдөгү мөңгүлөргө толуп калат. Андай болсо алтынга бай аймакка жетүү оорлоп калат. Карьерди кайрадан бошотуу үчүн өтө көп убакыт — жарым жылдан бир жылга чейинки убакыт — талап кылынат», — деп эсептейт Тажыбаев.
Анын баамында, эгер «Кумтөрдөгү» казуу иштери узак убакытка токтой турган болсо Кыргызстандын бюджети 6 млрд. сомго чейинки каражатты жоготушу мүмкүн.
Мөңгүлөрдү коргоо
Кыргызстанда мөңгүлөрдү коргоого байланышкан экологиялык маселелер парламент тарабынан үстүбүздөгү жылдын апрелинин соңунда «Мөңгүлөр жөнүндөгү» мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин курч мүнөзгө айланды.
Кабыл алынган ал документке ылайык, «Кумтөр» сыяктуу тоо кендерин иштеткен компаниялар тоотектеринин бузулушуна алып келген ачык иштетүү ыкмасынан жер алдында иштетүү ыкмасына өтүүлөрү керек болот.
Бирок ал мыйзам долбоору Президент Алмазбек Атамбаев тарабынан жактырылган эмес. Ал мындай чечимин өлкө бюджети үчүн терс экономикалык таасирлер боло тургандыгы менен түшүндүрүп, документти кайра иштеп чыгуу үчүн парламентке кайтарган.
«Бул мыйзам бюджеттин каражаттарынын кемишине алып келээри шексиз, себеби сунушталган мыйзамда мөңгүлөрдө, кар күрткүлөрүндө жана көп жылдык тоң таралган зонада пайдалуу кен чыккан жерлерди ачык ыкма менен иштетүүгө тыюу салынат», — деп жазган президенттин басма сөз кызматы.
Автор: Алексей Ким