Kloop.kgнин башкы редактору Бектур Искендер Украинадагы президенттик шайлоолор менен чыгыштагы кризистин фонунда эмнелер болуп жаткандыгына күбө болуу максатында элден чогулган каражатка аталган өлкөгө сапар алды.
Баяндоо автордун атынан жүрөт
Саякатка акча чогултуу жөнүндө кененирээк жана Бектур Искендердин твиттер-хроникасы
Саякаттын башка бөлүктөрү:
V бөлүк: Одессадагы шайлоолордон кийинки митингдер
Мен Львовдо жүргөндө Украинанын чыгышындагы салгылашуулар күндөн күнгө күчөп жатты. Күн сайын курман болгондор, жаракат алгандар тууралуу жаңы маалыматтар келип жатты, бирок анын баары өлкөнүн батышында сезилген деле жок.
Бирок бул львовдуктар саясатка көңүл кош мамиледе дегенди түшүндүрбөйт. Шаардын борборунда үн күчөткүчтөр аркылуу акыркы маалыматтар айтылып турду. Адамдар смартфон, сыналгы, унаалардагы үналгылар аркылуу жаңылыктарга ынтаа коюп, кабардар болуп турушаарын байкадым.
Анан да Киевдеги «Евромайданда» өзгөчө Украинанын батыш бөлүгүнүн жашоочулары басымдуураак кылгандыгын унутпайлы. Эгер февралдагы кагылышууларда курман болгондордун тизмесине көз жүгүртө турган болсок «туулган жери» деген графада Львов, ошондой эле Волынск же Тернопольский облустарын көбүрөөк жолуктуууга болот.
Бирок львовдуктар өз шаарында укмуштуудай тынчтыкты сактап кала алышкан.
Мында өзүңдү кайсыл бир Чехияда жүргөндөй сезесиң — баары тынч, эски шаардын ичиндеги жаңыланган инфраструктура, адамдар велосипед жана трамвайлар менен жүрүшөт.Львовдо мурунку советтик шаардын бир катар бегилери бар, мисалы, бул базардын даана көрүнүп турган архитектуралык стили:Бирок ал базардан ары жүз метрдей баскан соң мына мындай көрүнүштөр пайда болот:Львовго туристтердин негизги агымы Орусиядан келет. Акыркы убактарда алардын саны кыйла эле азайып кеткен жана львовдуктар ийгиликсиз туристтик сезон болуп калышы мүмкүн деп чочулап турушат.Львов өзүнүн кафе жана ресторандары менен белгилүү. Шаарда алардын саны миңден ашык! Анан аябагандай чоң атаандаштык шартында кардарларды тартуу үчүн алар өзгөчө идеяларды ойлоп табышат.
Львовдогу ийгиликтүү кафе — бул сөзсүз түрдө тематикалык кафе. Канчалык таң калычтуу болбосун бирок орусиялыктардын арасында өзгөчө популярлуулукка Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилиндеги бандеровчулардын жашыруун жайын элестеткен «Крыивка» кафеси ээ.
Кафенин кызматчылары орустарга каршы какшыктуу тамашаларды айтып кое алышат, бирок анын баары — туристтер үчүн маскарад катары гана (болгондо да биринчи кезекте орусиялык туристтер үчүн). «Бандеровчулардын» акыркы учурда орус телеберүүлөрүндө байма-бай айтылып башташы менен бул жай экинчи жолу жаралышын башынан өткөрүп жатат десек болот.
Негизинен ушуну менен коркунуч туудурган «фашисттер» менен «бандеровчулар» жөнүндө айтуумду токтотсом болот. Львовдо ультраоңчулдардын зомбулуктары таптакыр байкалбайт.
Макул, мына фашисттердин бир белгисин таптым:Бирок улутчулдук белгилердин саны мында европалык же орусиялык кайсыл гана шаар болбосун алардагыдан көп эмес (аз болбосо эле).
Албетте, батыш Украинанын сыртында мына мындай көрүнүш укмуштуудай жек көрүүчүлүктү жаратышы мүмкүн:Же мына мындай көрүнүш («коммунисттик кылмыштардын курмандыктарына» арналган эстелик):Бирок төмөнкүлөрдү түшүнүп алуу маанилүү:
Биринчиси — украиндиктердин көбү Бандердин немисттик концлагерде үч жыл болуп кайтканын айтышып, аны фашист деп эсептешпейт.
Экинчиси — Украинада «улутчулдуктун» белгилүү бир аныктамасы иштелип чыккан, бирок ал бул терминдин Орусияда пайдаланылып жатканындай эмес.
Эгер Орусияда «улутчулдук» дегенде этникалык жактан эзүү сыяктуу кандайдыр бир негативдүү нерсе элестетилсе, — Украинада «улутчулдук» идеясы өз өлкөсүнүн кызыкчылыктарын коргоо катары иштелип чыккан.
Мага украиналыктардын көпчүлүгү, өзгөчө львовдуктар, өлкөбүздү сүйөбүз деген мааниде өздөрүн «улутчул» деп эсептеше тургандыктарын айтышты. Бирок ошол эле маалда алар нацизмге же фашизмге карата таптакыр терс көз карашта.
Украинада «саясий улут» терминин колдонуу жана украиналыктар тууралуу бир улуттун өкүлү катары эмес, а «жарандар катары» айтуу популярдуу болуп калган.
Бул жагынан алганда, мисалы, жалпы Крымдын, татарлардын бардык нерселерине болгон сүйүүнүн күчөшү анчалык деле таң калыштуу эмес.Бирдиктүү Украинаны колдоосу менен Крым татарлары украиналык «саясий улуттун» ажыратылгыс бир бөлүгү катары кабыл алынып калышкан.
Ошондой эле украиналыктардын көпчүлүгү крым татарларынын Крымдагы кызыкчылыктарын коргой албагандыктары үчүн алардын алдында уят болгондуктарын мойундарына алып, мага айтып беришти.
Үстүбүздөгү жылдын мартынан бери Украинанын «материктеги» бөлүгүнө жалпысынан Крымдын 7 миңден 10 миңге чейинки жашоочусу көчүп келишкен. Алардын бир кыйласы — кеп болжол менен 3 миңге чукул адам жөнүндө болууда — дал Львов облусуна келип отурукташышкан. Алардын баары тең эле крым татарлары эмес.
Мен Львовдо крымдык Сергей менен жолуктум — ал Симферополдогу «Евромайдандын» активисти. Айтымында, бирдиктүү Украина үчүн өткөн акциядан кийин Крымдын орусиялык бийлиги аны куугунтукка алып баштаган.
Келгиле анын окуясын угалы:
Саясий каатчылыктын фонунда борбордук жана батыш Украинанын башка шаарларындай эле Львовдо да өлкөнүн символикаларына, ошондой эле улуттук кийимдер менен саймаланган белгилерине болгон кызыгуу кескин өскөн.Эгер Украинанын түштүгү менен чыгышында, өзгөчө Крым коомчулугунун бир бөлүгүндө чынында эле сепаратисттик маанай бар болсо, өлкөнүн биримдигинин тарапташтарында — батышта, жалпы эле Украинанын башка бөлүктөрүндөй эле — болуп көрбөгөндөй биригүү байкалат.
Донбасстагы кагылышуулар канчалык узакка созулса, улутуна карабастан өздөрүн украиндик деп эсептегендер ошончолук бирдиктүүрөөк болуп башташат.