Талкуу: «Гейлерге каршы» мыйзамдын оң жана терс жактары [+ видео]

6-июнь күнү «Салттуу эмес сексуалдык мамилелерге карата жакшы пикир жаратуу» үчүн жоопкерчиликке тартуу жөнүндөгү мыйзам долбоорунун тарапташтары сунушталып жаткан идеянын оң жана терс жактарын талкуулашты.

Талкуудан видео:

Талкуунун жүрүшүндө «гейлерге каршы» мыйзам долбоорунун башкы тарапташы парламентарий Нуркамил Мадалиев болду. Анын кесиптештери — демилгечилер Курманбек Дыйканбаев менен Төрөбай Зулпукаров — талкууга келишкен жок.

Мадалиевдин мыйзам долбоорун коргоодогу башкы аргументи — анын пикиринде «гомосексуалдуу жашоо мүнөзүн пропагандалоодон» улам коркунучка кабылып жаткан «салттуу жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды коргоо» болду.

«Нормалдуу коом катары биз анын [гомосексуализмдин] нормалдуу көрүнүш эмес экендиги тууралуу жалпы түшүнүктү калыптандырышыбыз керек. Үй-бүлө жаратылышта салттуу эсептелгендей түрдө гана адамга таандык», — деди Мадалиев.

Бирок ал «салттуу баалуулуктардын» эмне экендигинин мисалын жана анын пикиринде «нормалдуу коом» деп эмне эсептелээрин айткан жок.

Парламентарий гейлерге карата «жакшы пикир жараткандарды» жазалап эле тынчып калбай, «гомосексуалдык жашоо мүнөзүнө» карата «терс мамилени калыптандыруу» керек деп эсептейт.

Мыйзамдын каршылаштары — дарыгер, психолог, социолог жана юристтерден турган жергиликтүү эксперттер — идеянын жактырылышы кыргызстандыктардын жашоосунун түрдүү тармактарына зыянын алып келиши мүмкүндүгүн айтышты.

Юрист Юлия Вацлава мыйзам долбоору адамдын кайсыл бир белгилери, анын ичинде сексуалдык ориентациясы боюнча басмырлоого дуушар болбошу керектиги айтылган Кыргызстандын Конституциясынын 16-беренесине каршы келээрин айтты.

Вацлова кошумчалагандай, ошондой эле ал идея тынчтык чогулуштар жөнүндөгү мыйзамды да бузат.

Социолог Мехригүл Аблязова Мадалиев айтып жаткан үй-бүлөдөгү кризистин себептери гомосексуалдык байланыштардан келип чыкпай тургандыгын билдирди — анын айтымында, Кыргызстандагы акыркы изилдөөлөргө ылайык, гомосексуализмди үй-бүлөлөрдүн бузулушунун себеби деп эч ким айткан эмес.

«Чынында бул мыйзам долбоору үй-бүлөнү же үй-бүлөлүк баалуулуктар деп айтылып жаткан нерселерди эч кандай деле коргобойт. Ал мыйзам долбоорун сунуштап жаткан белгилүү бир адамдардын кандайдыр бир сезимдери менен комплекстерин гана чагылдырат», — деп эсептейт ал.

Аблязованын айтымында, үй-бүлөнүн бузулушунун негизги себептери үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы мамилелер болуп эсептелет.

Психолог Нина Багдасарова ЛГБТны «пропагандалоого» каршы мыйзам долбоору адамдардын сексуалдык тармак боюнча билим алуусундагы жагдайды күчөтө тургандыгын билдирип, бул тармакта мамлекет эч кандай маалыматтык өнөктүктөрдү өткөрбөстүгүн билдирди.

«Жаштар маалымат албай жүрө беришет. Алар жыныстык катнашка карата нормалдуу, эстүү мамиле калыптандыра албай калышат. Ал эми сексуалдык тармак — бул адамдын психологиялык бейпилдигинин өтө чоң бөлүгү да», — деп ишендирди ал.

СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча Бишкек шаардык борборунун директору Искендер Шаяхметов гейлер дарыгерлер үчүн дайыма жабык топ болуп келгендигин, ал эми ЛГБТга каршы мыйзам долбоорунун кабыл алынышы аларга зыянын гана тийгизээрин айтты.

«ВИЧ менен СПИДди дарылоо боюнча мамлекеттик программа бар. Эгер бул мыйзам иштеп баштаса, анда биз ал программаны ишке ашыра албай калабыз», — деп кооптонууда ал.

«Басмырлоочу» мыйзам долбоор

Парламентарийлер Курманбек Дыйканбаев менен Төрөбай Зулпукаровдун мыйзам долбоору эгер «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге» карата балдардын арасында же маалымат каражаттары аркылуу жакшы пикир калтырылса ал адамды бир жылга чейин эркинен ажыратуу жазасын сунуштаган.

Ошол эле маалда мыйзам долбоорунун тестинин өзүндө «салттуу эмес мамилелер» деген терминдин эмне экендиги түшүндүрүлгөн эмес.

Депутат Дыйканбаев Kloop.kgге берген буга чейинки маектеринин биринде салттуу мамиле деп ал «аял менен эркек баш кошкондон кийин укум-тукумун көбөйтүү үчүн алектенген нерсени» эсептей тургандыгын билдирген.

Мыйзам долбоору Кыргызстанда гомофобиянын күчөшүнүн фонунда жазылган. Анын даярдалып жаткандыгы тууралуу 12-мартта — парламент имаратынын алдында 100гө чукул адамдан турган топ «гей-пропагандага каршы акция өткөргөн күнү жарыяланган.

Укук коргоо тармагындагылар бул мыйзам долбоорун «басмырлоочу мыйзам долбоору» деп атап жатышат.

«Хьюман Райтс Уотч» эл аралык уюмунун өкүлү Анна Кирей парламент депутаттарын «чыныгы көйгөйлөргө көңүл бурууга» чакырган.

«Эгер парламенттин чынында эле балдарды коргогусу келсе, анда көптөгөн эл аралык инстанциялар тарабынан начар деп табылган көзкөрүнөө басмырлоочу мыйзам долбоорлорун түрткөндөн көрөк чыныгы көйгөйлөргө көңүл бурушсун», — деди Кирей Kloop.kgге берген маегинде ушуга окшош Орусияда кабыл алынган мыйзамдарды мисал келтирип.

Кирей мамлекет биринчи кезекте лесбиян, гей жана трансгендерлерди (ЛГБТ) зомбулуктардан (өзгөчө укук коргоо органдары тарабынан жасалган) коргошу керек деп эсептейт.

«Биринчи кезекте укук коргоо органдары тарабынан ЛГБТ өкүлдөрүнө карата жасалган зомбулуктарга жана ар түрдүү саясий топтордун аларга карата зомбулук иштерге баруу чакырыктарына көңүл бурулушу керек», — деп билдирген ал.

Урматтуу окурмандар, төмөнкү жактагы пикир калтыруу бурчун пайдалануу менен мыйзам долбоору тууралуу өз пикирлериңиздерди калтырыңыздар.