Өз кызын зордуктаган деп айыпталган жаран кекиртегин кесип жиберди

Бишкектин тургуну Үсөн Сакатаев 3 жашар кызын зордуктаган деп айыпталууда. Ал 5-июнь күнү соттук процесстин акыркы баскычтарынын биринде өз кекиртегин кесип жиберди. Азырынча анын кандай абалда экендиги белгисиз.

Сакатаев сот процессинин акыркы баскычтарынын биринде — тараптардын жарыш сөзү жүрүп жатканда — лезвия менен өз кекиртегин кесип жиберди.

«Тараптардын жарыш сөзү башталды. Анын жактоочусунун өтүнүчүн сот канааттандырган жок. Анан Сакатаев: «Эмнеге силер анын өтүнүчүн четке кагып жатасыңар?» деди да прокурор сөз сүйлөп жатканда лезвия менен кекиртегин кесип жиберди», — деп билдиришти Kloop.kgге Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан.

Соттун кызматкерлери сот жообуна тартылып жаткан адамда лезвиянын кантип пайда болуп калгандыгын айтып бере алышкан жок. Алардын пикиринде, Сакатаев аны сот процессине чейин эле «катып алган» болушу мүмкүн.

«Анда өтө көп кан акты. Аны Улуттук госпиталга алып кетишти. Анын тирүү же өлгөн экендигин билбейбиз», — дешти басма сөз кызматынын өкүлдөрү.

Сакатаевди тез жардам унаасы алып кеткенден кийин анын туугандары судьяны сабап салууга аракет кылышкан.

Басма сөз кызматындагылар Сакатаев ага карата айыптоо өкүмү чыгаарын түшүнгөндөн кийин кекиртегин кесип жиберген деп эсептешет. Улуттук госпиталдан сот жообуна тартылып жаткан адам аларга жеткирилгендигин  Kloop.kgге ырасташты. Бирок анын саламаттыгынын абалы тууралуу азырынча эч нерсе билдиришпей эле.

Сот процесси башталаардын алдында Сакатаевдин жубайы басма сөз жыйынын өткөрүп, күйөөсүнүн күнөөлүү эмес экенин билдирген.

«Бычактардын баары тең өз ордуларында болгон. Күйөөм кызымдын денесине бычак менен зыян келтирип, зордуктаган эмес. Телевизордон ал 12 жолу бычак сайганын айтып жатышат, бирок ойлоп көргүлөчү — эгер андай болсо кызым тирүү калат беле? Ал аны жыгытып алган, бирок өлтүрүүгө таптакыр аракет кылган эмес» — деп жазган «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет басылмасы Сакатаевдин жубайынын айткандарын.

Бул иш боюнча соттук процесс бир жылдан ашык убакыттан бери уланып келет.

Тергөөнүн версиясы боюнча, өткөн жылдын апрелинде Сакатаев үйүнө мас болуп келип, бычак менен үч жашар кызынын бетин кескилеп, акырегин зыянга учуратып колун сындырган. Кыз эс-учу жок абалда ооруканага жеткирилген.

Автор: Нуржамал Жаныбекова