Камчы Көлбаев эркиндикке чыкты

Кылмыш чөйрөсүндө белгилүү авторитет Камчы Көлбаев 8-июнь күнү эркиндикке чыкты. Ага карата 3 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган болчу, бирок анын тергөө абагында өткөргөн камактагы бир күнү эки күн катары эсептелгендиктен ал мөөнөтүнүн дээрлик бардыгын өтөп бүтүп койду.

Көлбаев эркиндекке кечээ, 8-июнда чыкты.

Ага карата үстүбүздөгү жылдын 14-майында Кыргызстандын эң жогорку соттук баскычы тарабынан 3 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган.

Бирок анын тергөө абагында өткөргөн камактагы бир күнү эки күн катары эсептелгендиктен ал мөөнөтүнүн дээрлик бардыгын тең өтөп бүтүп койду — Көлбаевдин үстүнөн жүрүп жаткан соттук процесс 2012-жылдын декабрынан тарта бир жарым жылга созулду.

Алгач мамлекеттик айыптоо Көлбаевди Кыргызстандын Кылмыш кодексинин жети беренеси боюнча айыптап, анын 14 жылга эркинен ажыратылышын талап кылган:

  • 30-берене — кылмышка катышуу;
  • 125-берене — мыйзамсыз эркинен ажыратуу;
  • 105-берене — адам саламаттыгына зыян келтирүү;
  • 123-берене — адам уурдоо;
  • 170-берене — бирөөнү опузалап мүлкүн тартып алуу;
  • 241-берене — ок атуучу куралдарга мыйзамсыз ээлик кылуу, башка бирөөнө берүү, сатуу, сактоо, ташуу же жанында алып жүрүү;
  • 247-берене — баңгизаттарын мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, ташуу, сатуу үчүн жөнөтүү, ошондой эле баңги, акыл-эстен тандырчу заттарды, же башка маңзаттарын даярдоо же сатуу;

Бирок ал жети берененин бирөөсү — «бирөөнү опузалап мүлкүн тартып алуу» боюнча гана күнөөлүү деп табылды.

Криминал төбөлүнө карата эң катаал өкүмдү биринчи баскычтагы сот чыгарган — Бишкектин Биринчи май райондук соту аны мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен катаал режимдеги абакка 5 жыл алты айга кескен.

Бирок экинчи баскычтагы сот — Бишкек шаардык соту — анын камактагы мөөнөтүн 3 жылга чейин кыскарткан. А жогорку соттук баскыч ал чечимди күчүндө калтырган.

АКШда издөөдө

Кыргызстанда криминал төбөлү деп аталган Көлбаев АКШнын бийлиги тарабынан изделүүдө — анда Көлбаевди курамына Евразиялык бир нече уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү кирген «Братский круг» деген кеңири жайылган эл аралык топтун мүчөсү деп атап жатышат.

Үстүбүздөгү жылдын майынын соңунда АКШнын Мамлекеттик департаменти криминал төбөлү Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобу тарабынан уюштурулган «каржы механизмдеринин бузулушуна алып келе турган» маалыматтар үчүн сыйлык катары миллион долларга чейинки каражат убадалаган.

Ал АКШ тарабынан 2012-жылдын фералында дүйнөнүн ири баңгитөбөлдөрүнүн тизмесине киргизилген. Америка бийлиги Көлбаевдин кылмыштуу тобу мыйзамсыз маңзатын, курал-жарак жана адамдарды сатуу, ошондой эле дагы башка кылмыштарга катышып келерин билдирген.

Көлбаевдин жактоочусу Сергей Манукян маалымат каражаттарына АКШнын айыптоолору «эч нерсе менен далилденбегендигин» билдирген.

«Алар Камчы Көлбаевди айыптап, өткөрүп берүүбүздү сурап жатышат, бирок аларда айтылып жаткан таптакыр жок топтун [уюшкан кылмыштуу топтун] канча мүчөсү бар экендиги боюнча статистикалары да жок», — деп билдирген жактоочу.

Криминал төбөлү

АКШ бийлиги тарабынан дүйнөнүн ири баңгитөбөлдөрүнүн тизмесине киргизилген Көлбаев кыргыз бийлигине өткөн жылдын декабрында Бириккен Араб Эмираттарында өз эрки менен колго түшүп берген.

Көлбаев 90-жылдары эле Кыргызстандагы таасирлүү криминал авторитети катары эсептеле баштаган. Бул өз өлкөсүндөгү анын үстүнөн өткөн алгачкы сот процесси эмес.

Ал 90-жылдардын аягында кылмыш чөйрөсүнө таасир этүү үчүн криминал авторитети Рыспек Акматбаев менен атаандашып, аны өлтүрүү максатында кол салгандыгы, ошондой эле эки «рыспекчини» өлтүргөндүгү үчүн 2000-жылы 25 жылга эркинен ажыратылган болчу

Бирок 2006-жылы жатак абагына которулгандан кийин качып кеткен, ал эми бир жылдан кийин Кыргызстандын бийлиги аны издөөнү токтоткон.

2010-жылдагы революцияга чейин Көлбаев жарым-жартылай жашыруун жашоо мүнөзүн өткөрүп келген, анын жети боз үй тигип, 2008-жылы Нарын облусунда уюштурган майрамдык иш-чарасы өзгөчө талкуу жараткан — анда президент Курманбек Бакиевдин иш башкармалыгынын чиновниктеринин жүргөнү дагы байкалган

Көлбаев 2010-жылдагы ревлоюциядан кийин Бириккен Араб Эмираттарына качып кеткен.

Кыргызстан 2011-жылы аны өткөрүп берүүнү талап кылган. Көлбаев бир канча убакыт Интерпол тарабынан кармалып турган, бирок ошол эле жылдын сентябрь айында бошотулган.

Автор:  Алексей Ким