Кыргызстан Украинанын жаңы президентинин шайланышы боюнча «азырынча комментарий бере албайт»

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 7-июнда кызматка киришкен Украинанын жаңы президенти Пётр Порошенконун шайланышы боюнча «азырынча түшүндүрмө бере албастыгын» билдирди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Турдакун Сыдыков Kloop.kgге берген маегинде анын мекемеси Украинанын жаңы президенти Пётр Порошенконун шайланышы боюнча «азырынча түшүндүрмө бере албастыгын» айтты.

«Биз силерге сөзсүз айтабыз, бирок кийинчерээк. Азыр мен сиздерге эч нерсе айта албайм», — деди ТИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси.

Президент Алмазбек Атамбаевдин басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн жеткиликсиз болууда.

Кыргызстан — Порошенкону президент болуп шайланышы менен куттуктай элек Орусия, Өзбекстан жана Түркмөнстан сыяктуу мурунку СССР өлкөлөрүнүн бири.

Kloop.kg тарабынан сурамжыланган талдоочулар муну өлкөнүн украин жаңы бийлигинин аракеттерин макул таппаган Орусия менен болгон тыгыз байланышы менен байланыштырышууда.

«Президент Путиндин [Орусиянын президенти Владимир] куттуктабагандыгына карабастан биздин президент куттукташы керек болчу», — деп эсептейт саясий серепчи Марат Казакпаев.

Саясат тармагы боюнча талдоочу Токтогул Какчекеев Кыргызстан Орусиянын таасиринен улам азырынча куттуктоого шашылбай жатат деген пикир менен макул.

«Бул бирлик мамилелериндеги күчтөрдүн чыныгы жайгашуусу. Кыргызстан ЖККУга (Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна) киргенден тарта биз өз ара милдеттенмелерге ээбиз [...] Орусия Федерациясы менен биздин мамилебиз жакшы, буга чейин да жакшы болгон, келечекте да ошондой болот», — деди ал.

РБК агенттиги талдоочулардын пикирлерине таянуу менен Кыргызстан учурда «толугу менен орусиялык саясаттын орбитасында экенин» жана Орусияга «болушунча лоялдуу» турганын жазган. Басылма буга өлкөнүн Орусия башында турган Бажы биримдигине кирүү ниетин мисал келтирген.

Кыргызстандын бийлиги жалпысынан Орусия менен жылуу мамиледе болгонуна карабастан, буга чейин Кремлдин расмий көз карашына каршы келген бир нече билдирүүлөрдү жасаган.

Алсак, расмий Бишкек Крымдын Украинанын курамынан чыгып, Орусияга кошулушун «объективдүү чындык» деп атаганы менен жарым аралдын орустарга өтүшүн расмий түрдө тааныган эмес.

Андан сырткары Москвадан айырмаланып Бишкектеги бийлик март айында эле Янукович Украинанын легитимдүү президенти эмес экенин жана өлкөдөгү бийлик «элге таандык» экендигин билдирген.

Украинанын жаңы президенти

Өзүнүн шоколад өндүрүү бизнеси менен белгилүү ишкер жана «Рошен» кондитер фабрикасынын ээси Пётр Порошенко 25-майда өткөн кезексиз президенттик шайлоолордо жеңип чыккан.

Порошенконун инаугурациясы 7-июнда болду — салтанат Украинанын Улуттук гвардиясы Донецк жана Луганск облустарындагы орусиячыл активисттерге каршы согуш жүргүзүп жаткан өлкөнүн чыгышындагы кагылышуулар абалында өттү.

Өз сөзүндө Порошенко Украинанын чыгышындагы активисттердин өкүлдөрү менен диалогду жөнгө сала тургандыгын убадалады, бирок «бандиттер менен эмес, тынч жашоочулар менен» сүйлөшүүгө даяр экенин кошумчалады.

Украинанын жаңы президенти инаугурация маалында өлкөнүн биримдиги үчүн экенин билдирип, «Крым украиндик болгонун, азыр да украиндик экенин жана мындан ары да боло берээрин» эки жолу кайталады.

Порошенконун президент болуп шайланышы өлкөнүн орусиячыл президенти Виктор Янукович бийликтен кеткенден кийин башталган Украина менен Орусиянын ортосундагы аймактык талаш-тартыштардын күчөшүнүн фонунда орун алды.

17-марттагы референдумда Крым Орусияга кошулуу үчүн добуш берген, ошол эле күнү парламент депутаттары жарым аралдын Украинанын курамынан чыккандыгы жөнүндө токтом кабыл алышып, аны суверендүү мамлекет деп жарыялашкан

Дээрлик эки айдан кийин — 11-майда — «федерализациянын тарапташтары» Украинанын Донецк жана Луганск облустарында дагы бир референдум өткөрүшкөн. Анын жыйынтыктары украин бийликтери менен батыш өлкөрү тарабынан таанылган жок.

Өздөрүн элдик республика деп жарыялаган аймактар башкы өнөктөш катары эсептеген Орусия Украинанын чыгышындагы жашоочулардын тандоосун «сыйлай тургандыгын» билдирген. Бирок азырынча андагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын расмий түрдө таанууга шашылбай эле.

Автор:  Алексей Ким