ИИМ Бишкек кафесиндеги ок атышууга милиция кызматкерлеринин «катышкандыгын» териштирет

Укук коргоо органдары Бишкектеги «Аура» кафесинде орун алган ок атышууга милиция кызматкерлеринин катышкан-катышпагандыгын териштирип жатышат. Ал ок атышуунун жыйынтыгында үч киши жаракат алып, алардын бири ооруканага жаткырылган.

Окуя 6-июндан 7-июнга караган түнү Бишкектеги «Аура» кафесинде болгон — кыргыз маалымат каражаттарынын билдиргендери боюнча, ок атышууга милиция кызматкерлери катышышкан.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде азырынча милиция кызматкерлеринин жаңжалга катышкан-катышпагандыгы белгисиз экенин айтты.

«Маалымат текшерилип жатат. Ички коопсуздук кызматы бул боюнча териштирүү жүргүзүүдө. Азырынча чара көрүү жөнүндөгү арыз менен эч ким кайрыла элек», — деди ал.

ИИМдин өкүлү ок чыгаргандар кафеге милиция кызматкерлери бараары менен качып кеткендиктерин айтты.

Осмонбаевдин айтымында, ок атышуу болгон жерден үч гильза табылган.

Октон жарадар болгон жаран шаардын №4 ооруканасына жеткирилген. Учурда анын кандай абалда экендиги белгисиз.

«Аура» кафесинен Kloop.kgнин кабарчыларына ок атышуунун катышуучуларынын кимдер болгондугун көрбөгөндүктөрүн айтышты — мекеменин администратору Анжела жаңжал кафенин сыртында, сейил бактын аймагында болгондугун билдирди.

Анын айтымында, видеокөзөмөл камералары ок атышууну тартып ала алган эмес.

24.kg маалымат агенттиги ички териштирүүлөр менен алектенген ИИМдин алдындагы Жеке коопсуздук башкармалыгына шилтеме жасоо менен ок атышууга болжол менен Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери менен милиционерлер катышышкандыгын жазган.

«Азыр биз ал жерде Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери менен милиционерлер болгон деп так аныктап айта албайбыз. Күбөлөр алардын жаңжалга катышкандыгын айтып жатышат. Бирок эки жарандык адамдын жарадар болгондугу так белгилүү: ок бирөөсүнүн төшүнө, экинчисинин колуна тийген. Бирок алар арыз жазуудан жана түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты», — деп билдирген Жеке коопсуздук башкармалыгынын башчысы Нурлан Жумашев.