Милиция Ош-Эркештам унаа жолун тоскондорго ультиматум койду

Коррупцияга айыпталып кармалган депутат Акматбек Келдибековдун тарапташтары 16-июнга чейин митингин башка жакка көчүрүүлөрү керек, антпесе алардын Ош-Эркештам унаа жолундагы митинги күч менен таратылышы мүмкүн — бул тууралуу Ош облустук милициясынан кабарлашты.

6-июнда Ош облусунун Алай райондук соту Келдибековдун тарапташтары митингин башка жерде өткөрүүлөрү керек деген чечим чыгарган. Алар 10 күндөн ашык убакыттан бери Кыргызстандын түштүгүндөгү Ош-Эркештам унаа жолун тосуп турушат.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Жеңишбек Ашырбаев Kloop.kgге берген маегинде эгер жол Алай райондук сотунун чечими боюнча даттануу мөөнөтү аяктачу 16-июнга чейин ачылбай турган болсо укук коргоо органдары «күч колдонуулары» мүмкүндүгүн айтты.

«Эгер алар жолду өз эрктери менен таштап кетишпесе биз күч колдонушубуз мүмкүн. Бирок азырынча андай буйрук боло элек. Аны жетекчилик чечиши керек», — деди ал.

Бирок Ашырбаев укук коргоо органдары жолду ачуу маселесин тынчтык жолу менен чечүүгө аракет кыла тургандыктарын кошумчалады.

«Өкмөт бул меселе тынчтык жолу менен чечилсин деген жолду тандап алды. Учурда өткөн жылдардагы каталарды кайталабоо үчүн ушундай позиция кармалып турууда», — деди ал.

Ошондой эле Ош облустук милициясынын өкүлү депутаттын тарапташтары Алай райондук сотунун чечими боюнча даттанса болоорун айтты.

Жол тосулгандан бери Келдибековдун тарапташтары алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө барган бир нече милиция кызматкерин сабашкан. Жалпысынан, демонстранттарга каршы үч кылмыш иши козголуп, 20га чукул административдик протоколдор түзүлгөн.

Жол тосуудан улам келип чыккан жоготуулар

Ош-Эркештам унаа жолу Социалдык фонд менен Салык кызматын башкарып турганда коррупциялык иштерге барган деп айыпталып камакка алынган депутат Акматбек Келдибековдун тарапташтары тарабынан 27-майдан бери жабык турат.

Демонстранттар 26-май күнү Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан депутаттын камактагы мөөнөтүнүн дагы бир айга узартылышына нааразы болуп жатышат.

Бажы кызматынын маалыматы боюнча, жолдун тосулушунан улам 27-майдан 6-июнга чейин келтирилген жалпы жоготуулар 109 млн сомду түзгөн — өлкө бюджети күн сайын 11,5 млн сом зыян тартууда.

Ош-Эркештам унаа жолунун демонстранттар тарабынан тосулуп турган бөлүгүндө учурда Ошко барып, анда жалпы суммасы 46 млн сомдук бажы төлөмдөрүн төлөшү керек болгон 100дөн ашык жүк унаалары токтоп турат.

Ошондой эле Бажы кызматынан билдиришкендей, бир катар ишкерлер товарларын «Эркештам» аркылуу алып келүүдөн кооптонуп жаткандыктан өлкөнүн бюджети алардын ишмердүүлүгүнөн алынышы керек болгон бажы төлөмдөрүнөн кур калат.

Келдибековдун айыпталышы

Акматбек Келдибековго карата салык кызматы менен социалдык фондду башкарып турганда кызмат абалын ашыкча пайдаланган деген айып өткөн жылдын ноябрында тагылган.

Саясатчы Мамлекеттик салык кызматын жетектеп турган 2008-2010-жылдары салык чогултуу боюнча функцияны «Бизнес партнер» деген жеке компанияга мыйзамсыз берген деп шектелүүдө.

Ошондой эле ал 2005-жылы «көчүрмөлөрдү басып чыгаруу үчүн жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринен» «Ротак-Бишкек» компаниясына 21 млн сом каражатты мыйзамсыз бөлүп берген деп айыпталып жатат.

Андан сырткары Акматбек Келдибековго эл аралык парламенттик уюмдарда парламенттин толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишмердигин координациялоо маселеси боюнча атайын өкүлчүлүктүн кызматын мыйзамсыз түзгөн деген айып тагылууда.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ал атайын өкүлчүлүктү каржылоого 10 млн. сом жумшалган.

Оппозициялык саясатчы өзүнүн кармала тургандыгын билген жана алдын ала күнөөсү жоктугу жөнүндө видео кайрылуу жаздырууга үлгүргөн. Ал өзүн саясий мотивдер менен камакка алынды деп эсептейт.

Буга чейин башкы прокурор Аида Салянова эгер Келдибеков күнөөлүү деп табылса 10 жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүндүгүн билдирген.

Автор:  Алексей Ким