«Тезекпромдун» активисттеринин төртөөнө айып салынып, экөө акталды

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кыргызстандын түштүгүндөгү газ өчүрүүлөргө каршы уюштурулган «Тезекпром» акциясынын төрт активстине карата айып төлөтүү чечимин чыгарды.

Административдик комиссия 9-июнь күнү кечинде «Тезекпром» акциясынын кармалган алты активистине карата чечим чыгарды — төртөөнө карата 200 сом өлчөмүндөгү айып төлөө чечими чыгып, дагы экөө акталышты.

Алар «милиция кызматкерлеринин талаптарына баш ийишкен эмес» деп айыпталып жатышкан.

Активисттердин өзүлөрү Kloop.kgге берген маектеринде эгер жактоочу жалдоого акча табышса административдик комиссиянын чечими боюнча даттана тургандыктарын айтышты.

Акциянын уюштуруучуларынын бири Мавлян Аскарбеков процесстин жүрүшүндө милиция судьяга жасалма документтерди көрсөткөндүгүн кошумчалады — айтымында, анын ишине таптакыр акцияда болбогон эле адамдардын түшүнүк каттарын салып коюшкан.

«Алар менин ишиме башка адамдардын түшүндүрмө каттарынын көчүрмөсүн салып коюшуптур. [...] Соттун жүрүшүндө милициянын майору бул жогорку жактын буйругу экенин ачык эле айтты», — деди активист.

Азырынча бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн милиция жеткиликсиз болууда.

Кыргызстандын түштүгүндөгү газ өчүрүүлөргө каршы 9-июнда акция өткөргөн жарандык активисттер парламент имаратынын алдында кармалышкан — акциянын катышуучулары саясатчыларды эшикке чыгып, бир каптан тезек алууга чакырышкан.

Жалпысынан Ак үйдүн алдына ондон ашпаган активисттер чогулушкан — Kloop.kgнин кабарчылары анда «нааразы болгондорго караганда» милиция кызматкерлери кыйла көбүрөөк болгондугун байкашкан.

Акциянын өзү он мүнөткө да созулган жок, бир аздан кийин эле милиция кызматкерлери активисттерди кармап башташкан.

Ошто газ кризиси дээрлик эки айдан бери уланып келет — Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүнө көгүлтүр отун берүүсүн үстүбүздөгү жылдын апрелинин ортосунда токтоткон.

Авторлор:  Хлоя ГейнеВладимир Цай жана Нурмухаммед Атамбаев