Бишкек: «Зеленстройдун» башчысы кулаган дарак адамды басып калгандан кийин кызматынан кетти

«Зеленстрой» муниципалдык ишканасынын башчысы Закир Коомбаев катуу шамалдан кулаган дарактын басып калышынан улам адам каза болгондон  кийин кызматынан кетүү боюнча арыз жазды.

Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов Коомбаевдин кызматтан кетүү боюнча жазган арызына 11-июнь күнү эртең менен кол койду, деп билдирди Kloop.kgге берген маегинде мэриянын басма сөз катчысы Нурай Марс.

«Ал [Коомбаев]өз каалоосу менен арыз жазды», — деди басма сөз катчы.

Азырынча Kloop.kgнин кабарчысы Коомбаевдин өзү менен байланыша алган жок.

«Вечерний Бишкек» интернет-басылмасынын жазганына ылайык, Коомбаев анын кызматтан кетүү чечиминин адамды басып калган дарактын кулашына байланышы бар-жоктугу боюнча берилген суроого жооп берүүдөн баш тарткан.

Жол жээгиндеги терек 30-май күнү катуу шамал коштогон жамгыр жаап жаткан маалда Москва жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде кулаган.

Дарак сынып кетип, адамдар коомдук транспорт күтүп турган аялдамага кулап түшкөн.

Мэриянын маалыматы боюнча, кулаган дарак ичинен чириген, тиешелүү жабдуулардын жоктугунан улам аны кулаганга чейин аныктоого мүмкүн болгон эмес.

Жалпысынан ал күнкү катуу шамалдан шаар боюнча 16 бак кулаган.

Автор:  Алексей Ким