Өкмөт «Кумтөр» ишканасынын ишмердүүлүгүнүн токтоп калышына кызыкдар эмес. Эгер 13-июнга чейин компаниянын 2014-жылга белгиленген тоо-кен иштеринин планы бекитилбесе андагы казуу иштери убактылуу токтоп калышы мүмкүн.
Эгер бийлик «Кумтөр» компаниясынын 2014-жылга белгиленген тоо-кен иштеринин планын бекитип бербесе, 13-июндан тарта Кыргызстандагы эң ири алтын иштетүүчү ишкананын иши убактылуу токтоп калышы мүмкүн.
Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Касиет Карачолокова Kloop.kgге берген маегинде «Кумтөр» ишканасынын казуу иштерине уруксат берүү боюнча сүйлөшүүлөр «күн сайын жүргүзүлүп жаткандыгын» билдирди.
«Биз күн сайын эксперттик коомчулуктун көз карандысыз өкүлдөрү менен, ошондой эле «Центерра» жана «Кыргыз Алтындын» өкүлдөрү менен жолугуп, сүйлөшүп жатабыз. [...] Акыркы чечим өкмөт тарабынан айтылат», — деди ал.
Карачолокованын айтымында, Кумтөрдөгү казуу иштеринин токтоп калышы бардык тараптар үчүн ылайыксыз болот.
«Бул акыркы учур. Биз кендин ишин токтотуп, коллапска алып келбеш үчүн бардык аракеттерди көрүп, үмүттөнүп жатабыз [...] Ага чейин жеткирбегенге аракет кылабыз», — деди басма сөз катчы.
Жаңы план Кыргызстандын Суу кодекси менен корголгон Давыдов мөңгүсүнө зыян келтире тургандыктан азырынча казуу иштерине уруксат бериле элек.
«Жагдай бардык мыйзамдардан жогору турган Суу кодексине түздөн-түз тийиштүү болууда. Анда мөңгүлөргө байланышкан кандай гана ишмердүүлүктүн түрү болбосун тыюу сала турган берене бар», — деди Карачолокова.
Канадалык «Центерра» ээлик кылган ишкананын маалыматына ылайык, казуу иштеринин токтошу ээлик кылган компаниянын ишмердүүлүгү менен каржылык абалына жана кирешелерине терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
«Кумтөр» кен казуу ишканасынын ишинин токтоп калуу ыктымалдыгынын компаниянын алдыдагы ишмердүүлүгүнө тийгизчү таасири ал токтотуулардын узактыгына да жарым-жартылай көз каранды. Компания кен ишканасы токтотулган учурдагы мүмкүн болуучу кесепеттердин анализин жүргүзө баштады жана анализ аяктагандан кийин буга карата билдирүү жасайт», — деп жазылган компаниянын июндун башында тараткан пресс-релизинде.
Буга чейин Тоо-кен металлургиялык профсоюзунун өкүлдөрү Kloop.kgге берген маектеринде эгер 13-июндан тарта ишканадагы казуу иштери токтой турган болсо миңдеген адамдардын катышуусунда митинг уюштура тургандыктарын билдиришкен.
Мөңгүлөрдү коргоо
Кыргызстанда мөңгүлөрдү коргоого байланышкан экологиялык маселелер парламент тарабынан үстүбүздөгү жылдын апрелинин соңунда «Мөңгүлөр жөнүндөгү» мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин курч мүнөзгө айланды. Ал мыйзам долбоорунун кабыл алынышы өлкөнүн суу ресурстарын коргоо зарылчылыгы менен түшүндүрүлгөн.
Ал документке ылайык, «Кумтөр» сыяктуу тоо кендерин иштеткен компаниялар тоотектеринин бузулушуна алып келген ачык иштетүү ыкмасынан жер алдында иштетүү ыкмасына өтүүлөрү керек болот.
Бирок ал мыйзам долбоору Президент Алмазбек Атамбаев тарабынан жактырылган эмес. Ал мындай чечимин өлкө бюджети үчүн терс экономикалык таасирлер боло тургандыгы менен түшүндүрүп, документти кайра иштеп чыгуу үчүн парламентке кайтарган.
«Бул мыйзам бюджеттин каражаттарынын кемишине алып келээри шексиз, себеби сунушталган мыйзамда мөңгүлөрдө, кар күрткүлөрүндө жана көп жылдык тоң таралган зонада пайдалуу кен чыккан жерлерди ачык ыкма менен иштетүүгө тыюу салынат», — деп жазган президенттин басма сөз кызматы.