Оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу сала турган мыйзам долбоору парламентте каттоодон өттү. Ички иштер министрлиги — идеянын автору — сунушталып жаткан тыюуларды оң рулдуу башкаруудагы унаалардын жүргүнчүлөрүнүн арасындагы адам өлүмүнүн көбөйгөндүгү менен түшүндүрүүдө.
«Жол кыймылы жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» документ парламенттин сайтында 9-июнда пайда болду — ага ылайык, Кыргызстандын аймагына оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салынат.
Мыйзам долбоорунун автору — Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) — тыюу салууну оң рулдуу унаалардын жүргүнчүлөрүнүн арасындагы адам өлүмүнүн көбөйүп кеткендиги менен түшүндүрүүдө.
ИИМдин эксперттери негиздеме катында оң рулдуу унаалардын катышуусундагы жол кырсыктарынын статистикасын келтиришкен — алардын маалыматтары боюнча, 2009-жылдан 2013-жылга чейинки аралыкта оң рулдуу унаалардын катышуусундагы кырсыктар жалпы жол кырсыктарына караганда 7ден 21 пайызга чейин жогорулаган.
«Рулунун оң жакта жайгашышы ансыз деле коркунучтуу амалды — озуп өтүүнү — аткарууну ого бетер кооптуу кылууда, анткени озуп өтүүдө айдоочунун көрүүсү кыйла эле чектелген болуп калат», — деп билдирип жатышат мыйзам долбоорунун демилгечилери.
Оң рулдуу унаалардын арасындагы кырсыктын жогору болушу анын «техникалык жана эксплуатациялык өзгөчөлүктөрү» менен да түшүндүрүлүүдө — ИИМдин маалыматы боюнча, андай унаалардын фаралары Кыргызстандын жолдору менен жүрүүгө ылайыкташтырылган эмес жана бет маңдай келе жаткан унаанын айдоочуларынын көзүн уялтат.
«Тилекке каршы оң рулдуу унаалардын айдоочуларын биздин жолдордун стандарттары боюнча башкача жарык бердиртүү ыкмалары жок. Ал үчүн оптикалык элементтерин толугу менен алмаштыруу керек», — деп сунушташат ИИМдин эксперттери.
Аны менен катар мекеме эгер мыйзам долбоору бардык баскычтар тарабынан жактырыла турган болсо оң рулдуу унааларды алып келүү менен акча тапкан жарандар тыюу салууга нааразы болуулары мүмкүндүгүн мойнуна алууда.
ИИМ бул тыюу салууну «мамлекеттик көзөмөлдөөнүн эң катаал формасы» деп атап, бирок аны «адамдардын өмүрүн сактоо» менен актап жатат.
Мекеме эгер мыйзам долбоору күчүнө кирсе сол рулдуу унааларды алып келүү 30-40 пайызга чейин жогорулашы күтүлөөрүн билдирүүдө, бирок ошол эле маалда андан ишкерлер эч кандай чыгымга дуушар болбой тургандыктарына ишендирүүдө.
Идеянын сындалышы
Анткен менен унаа сүйүүчүлөрдүн арасында бул мыйзам долбоору катуу сындарга кабылууда.
Оң рулдуу унаа ээлери бул идеяга каршы 2013-жылдын май айында нааразычылык акциясын өткөрүшкөн — алар парламент имаратынын алдына чогулушуп, нааразычылык катары бардыгы тең бир убакта сигнал берип башташкан.
Бишкектеги жол активисттеринин бири Айбек Баратов жол кырсыктарынын негизги себеби оң рулдуу унааларда эмес, а унаа башкаруу маданиятынын деңгээлинде деп эсептейт.
«Жыл өткөн сайын өлкөдө унаа башкаруу маданияты төмөндөп жатат, өз кезегинде ал жолдордогу кырсыктардын көбөйүшүнө алып келүүдө. Бүгүнкү күндө кантип акча менен экзамен берип күбөлүк сатып алса болоорун баарыбыз жакшы билебиз. ИИМ анын кесепеттери менен эмес , а жолдордогу кырсыктар жана адам өлүмүнүн көбөйгөндүгүнүн себептери менен күрөшүшү керек», — деп билдирген ал 24.kg маалымат агенттигине берген маегинде.
Активист ИИМдин оң рулдуу унаалардын техникалык өзгөчөлүктөрү боюнча келтирип жаткан жүйөлөрү эч кандай негиздемелерге ээ эмес экенин кошумчалады.
«Ошол эле фараларды унаа оңдотуу жайларынан 10 мүнөттүн ичинде тууралатып алса болот — көйгөй жок. Оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салуу менен жолдордогу кырсыктардын санын азайтуу көйгөйү чечилбейт, анткени көйгөй оң рулдуу унааларда эмес, а аларды башкарган айдоочуларда», — дейт Баратов.
Автор: Алексей Ким