Парламент Кыргызстандын түштүгүндөгү газ каатчылыгын жабык эшик артында талкуулады

Парламент депутаттары менен өкмөт мүчөлөрү Кыргызстандын түштүгүндөгү газ каатчылыгын жабык эшик артында талкуулоону туура көрүштү. Депутаттын мындай сунушун 80ден ашык эл өкүлү колдоду.

КСДП фракциясынан депутат Абдыманап Кутушев парламент менен министрлер кабинетине газ каатчылыгы маселесин жабык эшик артында талкулоону сунуштады.

Парламентарий Кыргызстандын түштүгүнө көгүлтүр отун берүү көйгөйүн «эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерге байланышкан кылдат маселе» деп атады.

Анын сунушун 80ден ашык депутат колдоду, мындан улам төрага жабык эшик артында талкуу жүргүзүүгө уруксат берди.

Биринчи жолку добуш берүүдө Кутушевди 30 гана эл өкүлү колдогондуктан ага экинчи жолу добуш берүүгө уруксат суроого туура келди.

Кыргызстандын түштүгүнө газ берүү Өзбекстандын мамлекеттик «УзТрансГаз» ишканасы тарабынан дээрлик эки ай мурун токтотулган — анда Өзбекстан мындай чечимин буга чейинки макулдашуунун мөөнөтүнүн аяктагандыгы менен түшүндүргөн.

10-апрелден тарта Кыргызстанга негизги көгүлтүр отун жеткирүүчү болуп калган орусиялык «Газпром» ишканасы өлкөнүн түштүгүн газ менен камсыз кылуу маселесин чечип бере тургандыгын убадалаган.

Дээрлик эки айдан бери газдын жоктугуна нааразы болгон активисттер менен оппозициялык «Улуттар биримдиги» партиясынын мүчөлөрү 9-июнда парламент имаратынын алдында акция өткөрүшкөн.

Анда алар парламентарийлерди эшикке чыгып, бир каптан тезек алып кетүүгө чакырышкан. Бирок акциянын өзү он мүнөткө да созулган эмес, бир аздан кийин эле милиция кызматкерлери активисттерди кармап кетишкен.

Кийинчерээк активисттерге карата 200 сом өлчөмүндөгү айып төлөтүү чечими чыккан.

Авторлор:  Нуржамал Жаныбекова жана Айзирек Алмазбекова