Бийлик Кумтөрдө тоо-кен иштерин жүргүзүүгө уруксат берди

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик өлкөдөгү ири алтын иштетүүчү «Кумтөр» ишканасынын 2014-жылга белгиленген тоо-кен иштеринин планын жактырды. Буга чейин компания эгер план жактырылбаса кендеги казуу иштери 13-июндан баштап токтой тургандыгын билдирген болчу.

Өкмөт компаниянын 2014-жылга белгиленген тоо-кен иштеринин планын жактыруудан көпкө чейин баш тартып келген. Министрлер кабинети баш тартуусун Кумтөргө жакын жайгашкан Давыдов мөңгүсүн иштетүүдөн улам келип чыгышы мүмкүн болгон экологиялык натыйжалар менен түшүндүргөн.

Өз кезегинде июндун башында кен иштетүүчү компания эгер планды жактырышпаса казуу иштери токтоп, Кыргызстанга терс экономикалык натыйжалары тие тургандыгын билдирген — өкмөт «Кумтөр» таандык болгон компаниянын акцияларынын ээлеринин бири болуп саналат.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктен Kloop.kgге план кендеги казуу иштеринин токтоп калышына жол бербөө үчүн жактырылгандыгын билдиришти.

Бирок агенттиктин басма сөз катчысы Касиет Карачолокова аны менен катар өкмөт «Кумтөр» тоо иштерин жүргүзүүдө аткарышы керек болгон эки шарт койгонун кошумчалады:

1. Давыдов мөңгүсүнүн бир бөлүгүн иштетүүнү Кыргызстандын бардык экологиялык кызматтары менен макулдашуу;
2. 1-августка чейин бардык чалгындалган пайдалуу кен казууларды мамлекеттин балансына коюу;

Компаниянын өзү «Кумтөр» дайыма «курчап турган чөйрөнү коргоо, коопсуздук дана техникалык процесстер тармагындагы ишмердүүлүктүн жогорку стандарттарын карманып келгендигин» бир нече жолу билдирип, ишендирүүгө аракет кылып келген.

Мөңгүлөрдү коргоо

Кыргызстанда мөңгүлөрдү коргоого байланышкан экологиялык маселелер парламент тарабынан үстүбүздөгү жылдын апрелинин соңунда «Мөңгүлөр жөнүндөгү» мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин курч мүнөзгө айланды.

Парламент мүчөлөрү бул мыйзам долбоорун кабыл алуунун зарылчылыгын өлкөнүн суу ресурстарын коргоо менен түшүндүрүшкөн.

Ал документке ылайык, «Кумтөр» сыяктуу тоо кендерин иштеткен компаниялар тоотектеринин бузулушуна алып келген ачык иштетүү ыкмасынан жер алдында иштетүү ыкмасына өтүүлөрү керек болот.

Бирок ал мыйзам долбоору Президент Алмазбек Атамбаев тарабынан жактырылбай, кайра иштеп чыгуу үчүн парламентке кайра кайтарылган.

Кыргызстандын башчысы мыйзам долбооруна кол коюудан баш тарткандыгын өлкөнүн бюджети үчүн терс экономикалык натыйжалары болушу мүмкүндүгү менен түшүндүргөн.

Автор:  Нуржамал Жаныбекова