Видео: Кыргызстан 2014-жылкы танка биатлонуна даярданууда

Кыргызстандын танка экипажы танка башкаруу чеберчилиги жана таамай атуу боюнча эл аралык мелдештерге даярданып жатат. Танка биатлонун 28-июль күнү Орусиянын Алабино согуш аянтчасында өткөрүү пландалган.

Жалпысынан мелдешке дүйнөнүн ар кайсы бөлүгүнөн 15 өлкөнүн өкүлдөрү катышат. Полковник Жаныбек Капаровдун айтымында, Кыргызстан өзүнүн танка экипажын алты ай бою даярдаган.

Мелдеш үч этапта өтөт:

  • Танка маршы;
  • Жердеги жана асмандагы тоскоолдуктардан өтүү;
  • 900 метрден 2200 метрге чейинки аралыктардан бутага таамай атуу;

Танкалар менен жолсуз жерлерде жарышуу жана атышуудан сырткары экипаж мүчөлөрү физикалык даярдыктар боюнча нормативдерди тапшырып, аскердик унаалардын тактика-техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча билим деңгээлдерин сынашат жана согуштардын тарыхы боюнча суроолорго жооп берүүлөрү керек.

Капаров маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн Кыргызстандын атынан бара турган танка экипажы кылдат медициналык кароодон жана физикалык даярдыктан өткөндүгүнө ишендирди.

Автор: Виталий Белошапкин