Бишкектин мурунку мэри Иса Өмүркулов 8 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн — мындай мөөнөттүн берилишин 9-июнь күнү мурунку калаа башчысынын үстүнөн өтүп жаткан соттук процесстин жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочу өтүндү.
Борбордун мурунку башчысы Бишкектин чыгыш бөлүгүндөгү Жеңиш сейил багынын аянтынан жеке ишкерлерге кафе, ресторан жана май куюучу жайларды курууга жер тилкелерин «мыйзамсыз» берген деп айыпталууда.
Мамлекеттик айыптоонун маалыматтары боюнча, Өмүркулов Бишкектин мэри болуп турган кезде сейил багынын аянты 16 гектарга кыскартылып, коммерциялык фирмаларга берилген.
Экс-мэр Кыргызстандын Кылмыш кодексинин 305-беренеси менен каралган «кызмат абалын кыянат пайдалануу» боюнча козголгон кылмыш ишинде айыпталуучу катары өтүүдө — аны менен катар берененин экинчи бөлүгүнө ылайык, белгилениши мүмкүн болгон жаза «оор кесепеттеринен» улам андан да катаалдантылышы мүмкүн.
«49 жылдык мөөнөткө «Датес» ЖЧКсына берилген жер тилкесин өзгөчө бөлүп кароо керек, ал жерге аз убакыттын ичинде эле капиталдык курулуш — «Ала-Тоо» рестораны тургузулган», — деп белгиледи сотто прокуратуранын өкүлү.
Мамлекеттик айыптоо Өмүркуловду үч жылдык мөөнөткө муниципалдык жана мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан ажыратуу жана мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен катаал режимдеги абакка 8 жылга эркинен ажыратуу жазасын сурады.
Ошондой эле мурунку калаа башчысы менен бирге Бишкек муниципалитетинин дагы төрт чиновниги айыпталууда — прокуратуранын маалыматы боюнча, сейил багынын аянтын жеке колдонууга берүүгө алардын да тиешелери бар болгон.
Алар үчүн мамлекеттик айыптоочу азыраак — 5 жылдан 6 жылга чейинки мөөнөткө катаал режимдеги абакка эркинен ажыратуу жазасын сурады.
Өмүркуловго каршы кылмыш иши өткөн жылдын декабрынын башында козголгон.
Башкы көзөмөл органы тарабынан айып тагылгандан эки күн өткөндөн кийин ал кызматынан өз каалоосу менен кетүү боюнча арызын жазган, бирок мэрликтен кетишинин ага каршы козголгон кылмыш ишине эч байланышы жок экенин билдирген.
Анда Өмүркулов дарегине айтылган айыптоолор менен макул эместигин айтып, «өзүнүн ак экендигин сотто коргой тургандыгын» кошумчалаган.
Учурда мурунку калаа башчысы белгилүү аймактан чыкпоо колкатынын негизинде эркиндикте жүрөт.
Өмүркулов Бишкектин мэри болуп 2010-жылдагы революциядан кийин дароо дайындалган. Ал мэр болуп турганда шаар тургундарынын арасында ага карата түрдүү пикирлер айтылып турган.
Сынчылар аны акчалардын изин жашырууга жана Бишкекте инфраструктуралык жакшыртуулардын жоктугуна айыпташса, анын тарапташтары 2013-жылы борбордо болуп көрбөгөндөн көп сандагы жолдордун оңдолгонун белгилеп келишет.
Автор: Алексей Ким