Kloop.kgнин кабарчылары зер буюмдарын этникалык стилде даярдаган ишканада болушуп, анын канчалык деңгээлде чебер иш экендигине күбө болуп кайтышты.
«Келдике» компаниясынын директору Азамат Макешев Kloop.kgнин кабарчылары үчүн экскурсия өткөрүп, күмүш жасалгаларын жасоонун өзгөчөлүктөрүн иш жүзүндө көрсөтүп айтып берди.Жасалгаларды даярдоо үчүн күмүштүн өлчөмү 99,9 пайызды түзгөн 999-пробадагы чийки зат алынат.
Мындай пробадагы күмүш жумшак болгондуктан анын бекем жана зергердин иштеп чыгышына ыңгайлуу болушу үчүн ага атайын лигатуру деп аталган эритмелер кошулат. Мындай жол менен 925-пробадагы күмүштү алышат.
Сүрөтчү келечектеги зер буюмдун үлгүсүн кагазга тартып жатат. Ал жасалганын техникалык мүнөздөмөлөрүн даана көрүш үчүн дизайнер долбоорду компьютердеги атайын программада иштеп чыгат. Андан соң түзүлгөн үлгү көркөм кеңеште бекитилет.Кагазда бекитилген үлгүсү чеберге жөнөтүлөт, ал алдыда чыгарыла турган бардык жасалгалардын үлгүсүнүн эң алгачкыларынын бирин жасайт.
Зергер эритме менен иштөөдөн тарта даяр зер буюмуна чейинки жасалганын үлгүсүн колго иштеп чыгат.Андан соң эталондук үлгүсү келечекте дал ошондой жасалгалардын сериясын жасай турган атайын шаблондуу желимдерди даярдоого жөнөтүлөт.Ал желимдерден окшош жасалгаларды алуу үчүн усталар күмүш үчүн атайын гипстер менен куюлуп даярдала турган «кичинекей балатыларды» чогултушат.Адистер «кичинекей балатыларды» 925-пробадагы күмүш эритмени куюу процесси жүрө турган атайын жабдууларга жайгаштырышат. Анан аларды ысыктыгы 800-900 градуска жеткен мешке тогуз саатка салышат.
Кийин усталар гипсти сындырышып, иштеп чыгуу үчүн даярдала турган зер буюмдарынын формаларын алышат.Иштелип чыккандан кийин зер буюмдары зергерге жеткирилет, ал аларга таштарды кыстарып, жылмалап жылтыратат.Акыркы кадам — бухгалтерия тарабынан иштелип чыккан зер буюмду баалап чыгуу жана соода жайларына жеткирүү.Авторлор: Бермет Аликеева жана Шахида Сулайманова