Археологдор: Заманбап шымды Орто Азиянын көчмөндөрү ойлоп табышкан

Борбордук Азиянын чыгышында жүргүзүлгөн казуу иштери учурунда, дүйнөнүн эң байыркы шымы табылды. Ал шымдар бул аймакта жашаган эки мал чарбачы жана көчмөнгө таандык, деп айтылат немец жана кытай археолог топторунун отчётторунда.

Макаланын түп нускасы EurasiaNet.org сайтына чыккан.

Радиоуглероддук анализ көрсөткөндөй, жер жүзүндөгү эң байыркы шым Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук аймагынын Тарим чункурундагы Янгхай мазарынан табылган. Маалыматка ылайык, жер шарынын эң байыркы шымы болжол менен 3-3.3 миң жылга туура келет жана бул Борбор Азиянын аймагында мал чарбачылык жайылган доорго туура келет.

Бул мазарда көмүлгөндөрдүн ДНКсы Борбордук Азиянын азыркы тургундарынкына окшош.

“Бул шымдар заманбап шымдын көрүнүшүнө окшош”, - деп изилдөөнүн катышуучусу Лу Энгуо отчётунда белгиледи.

Археологдор көрсөткөндөй, туник түрүндөгү (ич) кийим, көйнөк, халат жана сырткы кийимдер, бутка кийилүүчү тамансыз байпактар сыяктуу эле бир топ убакыт мурда пайда болгон болсо да, а бизге таанымал болгон азыркы шымдардагыдай белди илештирген бөлүгү, дал ушул аймакта, биздин заманга чейин II миң жыл мурда пайда болгон.

Окумуштуулар кошумча изилдөө жүргүзүү үчүн табылган шымдын так көчүрмөсүн чыгарышкан. Бирок шымды кийип басып көргөндө, “ал шым көп жөө басып жүрүүгө ыңгайлуу эмес болуп чыккан”, бирок атчан жүрүүгө абдан сонун туура келген.

Изилдөө жүргүзгөн археологдор бул табылга мурунку изилдөөлөрдү тастыктайт, деп ишендиришет. Алар белгилегендей, дал ушул Борбордук Азиянын көчмөн-мал чарбачылары шымды ойлоп табышкан. Анткени мындай шымдар атчандардын асты жагын коргоого мүмкүнчүлүк берген жана ат үсүндө көп жүрүү үчүн жана согуштарда эркин кыймылдоого мүмкүнчүлүк берген, дешет алар.

Бул аймактын жылкылар колго үйрөтүлгөн эң эле ыктымалдуулугу мүмкүн болгон жайлардын бири болуусу капысынан эместир.

Тарим чуңкурунда казуу иштери 1970-жылдардан бери жүргүзүлүп келүүдө. 500дөн ашык мазарлардан табылган артефакттар, коло доорунда Борбордук Азия аймагында жашаган көчмөн малчарбачылардын жана жоокерлердин жашоосун майда-чүйдөсүнө чейин териштирүүгө мүмкүнчүлүк берет.