Келдибековдун тарапташтарына берилген милициялык ультиматумдун мөөнөтү бүттү

Ош облусунун милициялык штабы кабарлагандай, бүгүн 16-июнда, демонстранттар Кыргызстандын түштүгүндөгү Ош-Эркештам унаа жолун ачыш керек, антпесе жолду ачуу үчүн күч колдонулушу ыктымал.

Бүгүн Алай райондук сотунун чечимин арыздануу мөөнөтү бүттү. Чечимге ылайык митингчилер Кыргызстандын түштүк аймагындагы Ош-Эркештам жолун ачышы керек.

Демонстранттар 20 күндөн бери аталган канжолдо жол кыймылын тосуп, коррупцияга айыпталып кармалган депутат Ахматбек Келдибековду эркиндикке чыгаруусун бийликтен талап кылууда.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Жеңишбек Ашырбаев Kloop.kgге берген маегинде, учурда милиция кызматкерлери жолду ачыш үчүн бийликтен кандайдыр бир аракет жасоо туурасында чечимин күтүп жаткандыктарын айтты.

Ош-Эркештам жолун ачуу боюнча маселе бүгүн чечиле турганын Премьер-министрдин басма сөз кызматынан тастыкташты.

“Бул маселени вице-премьер чечиши керек, бирок азыр ал жок. Бүгүн кечке чейин маалыматты жазып чыгарабыз”, - деп айтты басма сөз катчысы Мелис Эржигитов.

Ички иштер министрлигинин өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgга берген маегинде, жол ачуу боюнча маселесинин чечими бүгүн түштөн кийин чыгарылат.

Ош-Эркештам жолун жабуу учурунда демонстранттардын милиция кызматкерлерине кол салуусу үчүн бир нече кылмыш жана административдик иштери козголгон.

Келдибековдун тарапташтары болсо, бийлик өкүлдөрүнө эч кандай күч колдонбогондугун айтышууда.

Жол тосуудан улам келип чыккан жоготуулар

Ош-Эркештам унаа жолу Социалдык фонд менен Салык кызматын башкарып турганда коррупциялык иштерге барган деп айыпталып камакка алынган депутат Акматбек Келдибековдун тарапташтары тарабынан 27-майдан бери жабык турат.

Демонстранттар 26-май күнү Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан депутаттын камактагы мөөнөтүнүн дагы бир айга узартылышына нааразы болуп жатышат.

Бажы кызматынын маалыматы боюнча, жолдун тосулушунан улам 27-майдан 6-июнга чейин келтирилген жалпы жоготуулар 109 млн сомду түзгөн — өлкө бюджети күн сайын 11,5 млн сом зыян тартууда.

Ош-Эркештам унаа жолунун демонстранттар тарабынан тосулуп турган бөлүгүндө учурда Ошко барып, анда жалпы суммасы 46 млн сомдук бажы төлөмдөрүн төлөшү керек болгон 100дөн ашык жүк унаалары токтоп турат.

Ошондой эле Бажы кызматынан билдиришкендей, бир катар ишкерлер товарларын «Эркештам» аркылуу алып келүүдөн кооптонуп жаткандыктан өлкөнүн бюджети алардын ишмердүүлүгүнөн алынышы керек болгон бажы төлөмдөрүнөн кур калат.

Келдибековдун айыпталышы

Акматбек Келдибековго карата салык кызматы менен социалдык фондду башкарып турганда кызмат абалын ашыкча пайдаланган деген айып өткөн жылдын ноябрында тагылган.

Саясатчы Мамлекеттик салык кызматын жетектеп турган 2008-2010-жылдары салык чогултуу боюнча функцияны «Бизнес партнер» деген жеке компанияга мыйзамсыз берген деп шектелүүдө.

Ошондой эле ал 2005-жылы «көчүрмөлөрдү басып чыгаруу үчүн жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринен» «Ротак-Бишкек» компаниясына 21 млн сом каражатты мыйзамсыз бөлүп берген деп айыпталып жатат.

Андан сырткары Акматбек Келдибековго эл аралык парламенттик уюмдарда парламенттин толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишмердигин координациялоо маселеси боюнча атайын өкүлчүлүктүн кызматын мыйзамсыз түзгөн деген айып тагылууда.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ал атайын өкүлчүлүктү каржылоого 10 млн. сом жумшалган.

Оппозициялык саясатчы өзүнүн кармала тургандыгын билген жана алдын ала күнөөсү жоктугу жөнүндө видео кайрылуу жаздырууга үлгүргөн. Ал өзүн саясий мотивдер менен камакка алынды деп эсептейт.

Буга чейин башкы прокурор Аида Салянова эгер Келдибеков күнөөлүү деп табылса 10 жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүндүгүн билдирген.