Видео: Премьер-министр Оторбаев МККнын жумушуна канааттанбайт

Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев басма сөз кызматкерлери менен бирге Бишкектин калкты тейлөө борборлорун кыдырып, жыйынтыгында чиновниктердин жумушуна канааттанган жок.

Оторбаев Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) Автоунааларды жана айдоочуларды каттоо департаментиндеги кезектерге ачууланган.

"Уруксат кагазын алуу үчүн эл бул жерде жарым күнүн өткөрүп жатат. Андан сырткары, ортомчулар көбөйүптүр. [...]Албетте булар коррупциялык схемалар", - деп билдирди премьер-министр.

Оторбаев калкты тейлөөчү жаңы бирдиктүү борборду түзүүнү сунуштады.

"Азыр биз калкты тейлөөчү борборду уюштуруу максатында имаратты табуу үчүн Бишкек шаарынын мэриясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Бир киши керек болгон бардык уруксат кагаздарын бир жерден ала алуусу үчүн", - деп айтты ал.

Премьер-министрдин айтымында, жаңы борбор эки айдын ичинде ачылмакчы.