ЖКнын Адам укуктары боюнча комитети “гейлерге каршы” мыйзам долбоорун жактырды

Парламенттин адам укуктары боюнча комитетинин мүчөлөрү 17-июнда “салттуу эмес сексуалдык мамилелерге оң көз караштарды калыптандыргандарга” жаза берүүчү мыйзам долбоорун жактырышты.

Адам укуктары боюнча комитеттин мүчөсү Наталья Никитенко Kloop.kgге берген маегинде, анын кесиптештери “гей-пропаганда” үчүн жоопкерчиликке тартуучу мыйзам долбоорун жактыргандыгын ырастады.

“Комитет мүчөлөрүнүн көз караштары ар кандай болду - мыйзам долбоорун колдогондор да, анын Баш мыйзамдын беренелери менен карама-каршы келген жерлерине жана кемчилдиктерине токолгондор да болду”, - деди ал.

Бул мыйзам долбоору үчүн кийинки кадам аныпарламенттин биринчи окуусунда кароо болмокчу - документ биротоло кабыл алынышы үчүн анын үч окууда кабыл алынышы жана ага президент тарабынан кол коюлушу керек.

Никитенко өзү мыйзам долбооруна каршы добуш бергенин кошумчалады. Бирок комитет коллегиялык орган болгондуктан, анын добушу чечимдин кабыл алынышына таасир эте алган эмес.

“Жеке мен Конституциянын беренелерине таянып каршы добуш бердим. Анткени иш жүзүндө мындай мыйзам нормаларын ишке ашыруу аябай татаал. Мыйзам нормасын бүдөмүк талкуулоо жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-порталдары үчүн коркунуч алып келет”, - деп айтты парламент мүчөсү.

Ал ошондой эле, бүдөмүк талкуулоо, тартип коргоо органдарына мыйзам нормаларын өздөрү кандай деп эсептесе, ошондой колдонууга мүмкүнчүлүк түзөт деп эсептейт - анын айтымында, бул жагдай комитеттин жана серепчилердин юридикалык корутундусунда чагылыштырылган.

«Басмырлоочу» мыйзам долбоор

Парламентарийлер Курманбек Дыйканбаев менен Төрөбай Зулпукаровдун мыйзам долбоору эгер «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге» карата балдардын арасында же маалымат каражаттары аркылуу жакшы пикир калтырылса ал адамды бир жылга чейин эркинен ажыратуу жазасын сунуштаган.

Ошол эле маалда мыйзам долбоорунун тестинин өзүндө «салттуу эмес мамилелер» деген терминдин эмне экендиги түшүндүрүлгөн эмес.

Депутат Дыйканбаев Kloop.kgге берген буга чейинки маектеринин биринде салттуу мамиле деп ал «аял менен эркек баш кошкондон кийин укум-тукумун көбөйтүү үчүн алектенген нерсени» эсептей тургандыгын билдирген.

Мыйзам долбоору Кыргызстанда гомофобиянын күчөшүнүн фонунда жазылган. Анын даярдалып жаткандыгы тууралуу 12-мартта — парламент имаратынын алдында 100гө чукул адамдан турган топ «гей-пропагандага каршы акция өткөргөн күнү жарыяланган.

Укук коргоо тармагындагылар бул мыйзам долбоорун «басмырлоочу мыйзам долбоору» деп атап жатышат.
«Хьюман Райтс Уотч» эл аралык уюмунун өкүлү Анна Кирей парламент депутаттарын «чыныгы көйгөйлөргө көңүл бурууга» чакырган.

«Эгер парламенттин чынында эле балдарды коргогусу келсе, анда көптөгөн эл аралык инстанциялар тарабынан начар деп табылган көзкөрүнөө басмырлоочу мыйзам долбоорлорун түрткөндөн көрөк чыныгы көйгөйлөргө көңүл бурушсун», — деди Кирей Kloop.kgге берген маегинде ушуга окшош Орусияда кабыл алынган мыйзамдарды мисал келтирип.

Кирей мамлекет биринчи кезекте лесбиян, гей жана трансгендерлерди (ЛГБТ) зомбулуктардан (өзгөчө укук коргоо органдары тарабынан жасалган) коргошу керек деп эсептейт.

«Биринчи кезекте укук коргоо органдары тарабынан ЛГБТ өкүлдөрүнө карата жасалган зомбулуктарга жана ар түрдүү саясий топтордун аларга карата зомбулук иштерге баруу чакырыктарына көңүл бурулушу керек», — деп билдирген ал.