Демонстранттар соттун чечимине карабастан Ош-Эркештам жолун тосууну улантууда

Коррупцияга айыпталып кармалган депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары Кыргызстандын түштүгүндөгү Ош-Эркештам унаа жолун тосууну улантууда. Алар 16-июнга чейин митинг өткөрүү үчүн башка бир жай табышы керек болгон.

Ош облустук милициялык штабы кабарлагандай, унаа жолу демонстранттар тарабынан тосулуп турат - канжол 26 майдан бери, 20 күн бою жабык.

Келдибековдун тарапташтары 16 июнга чейин Ош-Эркештам жолун ачып, митинг өткөрүүчү жайын өзгөртүшү керек эле.

“Алардын митинг өткөрүү жана талаптарын билдирүү укугу бар, бирок муну унаа жүрүүчү жолду бекетүү менен эмес. Анткени бул жол стратегиялык деп саналат”, - деп айтты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматчысы Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде.

Милиция митингчилерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, абалды сүйлөшүү жолу менен жөнгө сала тургандыгын айтып өттү ал.

ИИМ өкүлүнүн билдиришинче, тартип коргоочу органдар митингчилер менен дайыма эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзө албайт. Эгерде алар жолду ачуудан баш тартса, анда аларга аргасыздан чара колдонулмакчы.

“Алар өздөрү жолду ачышат деп үмүт кылып жатабыз, антпесе милиция жагдайга карап иш алып барат”,- деди ал.

Осмонбаевдин айтымында, жолдун жабылышынан айдоочулар, айыл тургундары жапа тартып жатышат. Пенсионерлер болсо айлыгын ала албай калышкан, анткени инкасаторлор акча жеткирип берүүдөн чочулоодо.

Демонстранттар 26-май күнү Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан депутаттын камактагы мөөнөтүнүн дагы бир айга узартылышына нааразы болуп жатышат.

Бажы кызматынын маалыматы боюнча, жолдун тосулушунан улам 27-майдан 6-июнга чейин келтирилген жалпы жоготуулар 109 млн. сомду түзгөн.

Ош-Эркештам унаа жолунун демонстранттар тарабынан тосулуп турган бөлүгүндө учурда 100дөн ашык жүк унаалары токтоп турат. Алар Ошко барып, 46 млн. сомдук бажы төлөмдөрүн төлөшү керек болгон.

Келдибековдун айыпталышы

Акматбек Келдибековго карата салык кызматы менен социалдык фондду башкарып турганда кызмат абалын ашыкча пайдаланган деген айып өткөн жылдын ноябрында тагылган.

Саясатчы Мамлекеттик салык кызматын жетектеп турган 2008-2010-жылдары салык чогултуу боюнча функцияны «Бизнес партнер» деген жеке компанияга мыйзамсыз берген деп шектелүүдө.

Ошондой эле ал 2005-жылы «көчүрмөлөрдү басып чыгаруу үчүн жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринен» «Ротак-Бишкек» компаниясына 21 млн сом каражатты мыйзамсыз бөлүп берген деп айыпталып жатат.

Андан сырткары Акматбек Келдибековго эл аралык парламенттик уюмдарда парламенттин толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишмердигин координациялоо маселеси боюнча атайын өкүлчүлүктүн кызматын мыйзамсыз түзгөн деген айып тагылууда.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ал атайын өкүлчүлүктү каржылоого 10 млн. сом жумшалган.

Оппозициялык саясатчы өзүнүн кармала тургандыгын билген жана алдын ала күнөөсү жоктугу жөнүндө видео кайрылуу жаздырууга үлгүргөн. Ал өзүн саясий мотивдер менен камакка алынды деп эсептейт.

Буга чейин башкы прокурор Аида Салянова эгер Келдибеков күнөөлүү деп табылса 10 жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүндүгүн билдирген.