Медал менен мектепти аяктагандарга ЖРТдан 20 балл кошулат

Орто билим аттестатын аныктаган эң жакшы бүтүрүүчүлөргө, Жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) жыйынтыгына 20 балл кошулат - мындай токтомго премьер-министр кол койгон.

Токтомго ылайык 2013 - жылы пилоттук программанын негизинде болгондой, кызыл аттестат менен мектепти аяктагандарга каалаган предметтик сабактан 150 балл кошуу мындан ары токтотулат.

“Кызыл аттестаттын болушу, ЖРТдан алган баллынын санынын канча болгонуна карабай, иш жүзүндө жогорку окуу жайына гранттык негизинде тапшырууга кепилдик берчү. Мындай тажрыйба мектеп билим берүү системасында коррупцияга жол ачып, жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдүн укугун кемсинтчү”, - деп өкмөттүн интернет барагында түшүндүрүлөт.

Мунун себебинен 150 балл кошуу жерине - кызыл аттестат менен бүтүргөндөргө ЖРТнын жыйынтыгына 20 балл кошулат.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун жетекчиси Инна Валькова, мурда болгон ЖРТ жыйынтыгына каалаган сабагынан максималдуу баа кошуу нормасынын жокко чыгарылышына макул.

“Бул таптакыр туура эмес эле, анткени окуучулар белгилүү бир сабактан сынак тапшырып, бирок каалаган сабактан 150 балл кошумча алчу”, - деди Валькова.

2014-жылдын бүтүрүүчү-медалисти Акылай Kloop.kgге берген маегинде, мыкты бүтүрүүчүлөргө балл кошууну туура деп эсептегенин айтты.

“Биз 11 жыл окудук, мыкты болууга аракет кылдык, бештерге окудук, мен кошумча баллдарды берүүнү туура деп эсептейм”, - деди ал.

ЖРТ - Кыргызстандын мамлекеттик жогорку окуу жайларына тапшыруу экзаменинин ордуна киргизилген жалпыга милдетүү болгон тест.

Абитуриенттин кайсы окуу жайында жана кайсы багыт боюнча окуусун уланта алуусу ЖРТдан алган баллынан көз каранды.

Кыргыз-Орус Славян университети, Борбордук Азиядагы Америка университети жана Кыргыз-Түрк “Манас” университети абитуриенттерди өздөрүнүн кабыл алуу экзамендери аркылуу, же ЖРТнын жыйынтыктары боюнча да кабыл алат.