Укук коргоочулар: “Кыйноолордун 90 пайызы ИИМдин системасында жасалат”

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордон айтышкандай, кыйноолордун 90 пайызы милиция тарабынан жасалат. ИИМде болсо укук коргоочулар сан маселесинде “аша чаап жатышат” деп эсептешет.

Кыйноолор жөнүндөгү арыздар көбүнесе тергөө абактарында жана убактылуу кармоочу жайларда камалгандардан келет, деп билдирет Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчынын орун басары Бакыт Садыгалиев.

Ал кылмыштардын ачыкка чыгаруу пайызын көтөрүү үчүн милиционерлер кыйноо методун колдонушат деп эсептейт.

“Алар (милиционерлер) ар кандай кылмыштын бетин ачууга кызыкдар, мындай иштер моюнга алуу жана кошумча эпизоддорду моюнга асуу менен болот”, - деп эсептейт Садыгалиев.

Анын маалыматы боюнча, 2013-жылдын эсебинен кыйноолордун 90 пайызы ИИМ системасында жасалган. Бирок Кыргызстанда өткөн жыл ичинде жасалган кыйноолордун жалпы санын ал так атай алган жок.

ИИМдин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде, милицияда кыйноолордун бар экендигин мойнуна алды, бирок укук коргоочулардын айткан 90 пайыздык сан “аша чаап көрсөтүлгөн” деп кошумчалады.

“Кыйноо бар, бирок 90 пайыз - бул аша чапкандык. Биз мунун үстүндө иштеп жатабыз, прокуратура фактыларды ачып жатат жана биринчи эле түшкөн арыздардын негизинде кызматтык териштирүү жүргүзүлүүдө. Эгерде факт аныкталса, кылмыш иши козголот”, - деп айтты ИИМдин өкүлү.

Милиция кылмыш иштерин ачуу пайызын жогорулатуунун аркасынан чуркайт деген укук коргоочулардын сөзүн Осмонбаев жокко чыгарды - анын айтымында, тартип коргоочулардын ишин калк тарабынан бааланат.

“Азыр негизги критерий - калк тарабынан милициянын ишин баалоо. Садыгалиевдин айткандары: иштин натыйжалуулугу, статистика жана башкалар - булар артта калды”, - деп айты ИИМдин басма сөз катчысы.