Вице-премьер Ош-Эркештам жолунда демонстранттар менен сүйлөшөт

Жогорку деңгээлдеги өкмөттүк чиновниктер Ош облусунун Алай районуна 20 күндөн бери жолду тоскон демонстранттар менен сүйлөшүүгө жөнөп кетишти.

Делегация курамында ИИМдин башчынын орун басары Усен Асанов жана Коопсуздук боюнча вице-премьер Абдрахман Маматалиев бар.

“Бүгүн алар элди жолду ачууга көндүрүп, сүйлөшүүлөр аркылуу абдан манилүү маселени чечиш керек. [...] Күч структураларынын митингчилерге учурда күч колдонушу орунсуз болуп турат”, - деп айтты Kloop.kgге ИИМдин басма сөз кызматынан Эрнис Осмонбаев.

Ал кошумчалагандай, Ош-Эркештам жолундагы жагдай мурункудай турат - жол 20 күндөн бери коррупцияга айыпталып кармалган Ахматбек Келдибековдун тараштары тарабынан жабык.

“Алар боз үй орнотуп, кум жана шагыл төгүшкөн. [...] Ал жерде абдан көп унаа чогулуп калды, айрымдарына Торугарт аркылуу өткөнгө туура келип жатат. Себеби аларга ошол жерде күтүп туруунун да пайдасы жок”, - деди Осмонбаев.

Алай райондук сотунун 16-июнда чыгарган чечими боюнча, Келдибековдун тарапташтары Ош-Эркештам жолун ачып, митинг өткөрүү жайын өзгөртүш керек эле.

Жол тосуудан улам келип чыккан жоготуулар

Ош-Эркештам унаа жолу Социалдык фонд менен Салык кызматын башкарып турганда коррупциялык иштерге барган деп айыпталып камакка алынган депутат Акматбек Келдибековдун тарапташтары тарабынан 27-майдан бери жабык турат.

Демонстранттар 26-май күнү Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан депутаттын камактагы мөөнөтүнүн дагы бир айга узартылышына нааразы болуп жатышат.

Бажы кызматынын маалыматы боюнча, жолдун тосулушунан улам 27-майдан 6-июнга чейин келтирилген жалпы жоготуулар 109 млн сомду түзгөн — өлкө бюджети күн сайын 11,5 млн сом зыян тартууда.

Ош-Эркештам унаа жолунун демонстранттар тарабынан тосулуп турган бөлүгүндө учурда Ошко барып, анда жалпы суммасы 46 млн сомдук бажы төлөмдөрүн төлөшү керек болгон 100дөн ашык жүк унаалары токтоп турат.

Ошондой эле Бажы кызматынан билдиришкендей, бир катар ишкерлер товарларын «Эркештам» аркылуу алып келүүдөн кооптонуп жаткандыктан өлкөнүн бюджети алардын ишмердүүлүгүнөн алынышы керек болгон бажы төлөмдөрүнөн кур калат.

Келдибековдун айыпталышы

Акматбек Келдибековго карата салык кызматы менен социалдык фондду башкарып турганда кызмат абалын ашыкча пайдаланган деген айып өткөн жылдын ноябрында тагылган.

Саясатчы Мамлекеттик салык кызматын жетектеп турган 2008-2010-жылдары салык чогултуу боюнча функцияны «Бизнес партнер» деген жеке компанияга мыйзамсыз берген деп шектелүүдө.

Ошондой эле ал 2005-жылы «көчүрмөлөрдү басып чыгаруу үчүн жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринен» «Ротак-Бишкек» компаниясына 21 млн сом каражатты мыйзамсыз бөлүп берген деп айыпталып жатат.

Андан сырткары Акматбек Келдибековго эл аралык парламенттик уюмдарда парламенттин толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишмердигин координациялоо маселеси боюнча атайын өкүлчүлүктүн кызматын мыйзамсыз түзгөн деген айып тагылууда.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ал атайын өкүлчүлүктү каржылоого 10 млн. сом жумшалган.

Оппозициялык саясатчы өзүнүн кармала тургандыгын билген жана алдын ала күнөөсү жоктугу жөнүндө видео кайрылуу жаздырууга үлгүргөн. Ал өзүн саясий мотивдер менен камакка алынды деп эсептейт.

Буга чейин башкы прокурор Аида Салянова эгер Келдибеков күнөөлүү деп табылса 10 жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүндүгүн билдирген.