Адил Турдукулов: Өзбекстан менен газ мамилелери тууралуу

Мурунку дипломатиялык кызматкер жана Кыргызстандын премьер-министринин экс-кеңешчиси Адил Турдукулов өзүнүн «Фэйсбукдагы» баракчасына өлкөдөгү саясий кырдаал жана мамлекеттик каражаттардын сарпталышы тууралуу мезгил-мезгили менен жазып турат. Kloop.kg анын уруксаты менен экс-кеңешчинин пикирин өз сайтына чыгарат.

Бул макалада автордун жеке пикири айтылган, ал Kloop.kgнин көз карашы менен дал келбеши мүмкүн. Билдирүүнүн түп нускасын бул жерден окусаңыздар болот.

Азыр өлкөбүздүн көпчүлүк жашоочулары, ар кандай чиновниктери да, Өзбекстан тарабынан санкция киргизилгенин укса эле, аларга сууну бекитүү жөнүндө айтышат.

Бирок агрессияга агрессия менен жооп берүүгө болбойт. Биздин мамлекеттерибиздин ортосунда жакшы коңшулук мамилелерибиз жок.

Бул көптөгөн фактылар менен байланыштуу. Биринчиден - бул мамлекеттик чек ара, айрыкча биздин коңшубуз Жогорку Нарын каскадынын курулушуна каршы.

Өзгөчө биздин бийликтегилердин коңшулар менен өз ара мамилелеринин стратегиясынын жоктугу да чоң маселе жаратууда.

Мисалы газ менен болгон көйгөйдү алды ала караштырууга болот эле. Келишимде так эле, “Кыргызгаз” сатылып кеткен учурда өзбек тарап келишимден бир тараптуу чыгып кете алат, деп жазылып турган.

Негизи биздин бийликтегилер газ алуунун алтернативалык жолун издеши керек. Анткени өлкөлөрдун ортосунда ар бир чыккан кызыкчылыктардын кагылышында, алар ар кандай санкциялар менен коркутушат, өзгөчө газды бекитүү менен.