Келечек - бул Борбор азиялык эң ири базардын жанындагы чаң баскан жаңы коңуш бар. Бирок “Келечектин” тургундары өздөрүнүн коңушунун келечегинин бар экендигине ишенишпейт.
Макаланын түп нускасы EurasiaNet.org сайтына чыккан. Автору Крис Риклтон.
Оруссия мурдагы СССР аймагында өз экономикалык биримдигин бекемдөөгө аракет кылууда, ошондуктан аталган жаңы конуштан алыс эмес жайгашкан “Дордой” базары да
“Эгерде “Дордой” өлсө, Келечек Москвага көчөт, - дейт 32 жашындагы ири базарда жүк ташуучу болуп эмгектенген Турсун Мелисов. - Бул жараян азыртадан башталды”. Акыркы миграциялык толкун эми-эми түптөлүп жатканына карабастан, бир миллиондон ашуун Кыргызстандын жарандары чет мамлекеттерде эмгектенет.
Азырынча “Дордой” Кытайдан жана башка мамлекеттерден келген арзан товарларга кызыккан жергиликтүү тургундар менен толо. Бирок ошону менен бирге эле базардын башкы максаты жергиликтүү товарлар менен жабдуу болгон да эмес. Чыныгы акча реэкспорт алып келет.
2009-жылы Дүйнөлүк банк “Дордойду” “мамлекет ичиндеги мамлекет” деп атаган. Банктын берген баасы боюнча, негизинен Кытайдан Кыргызстан аркылуу коңшу мамлекеттерге реэкспорттун эсебинен келип түшкөн каражаттардын эсебинен, базардын жылдык жүгүртүлүшү 2,9 млрд доллардан ашык сумманы түзгөн.
Бул Орусия, Казакстан жана Беларусь өз Бажы биримдигин түзгөнгө жана “Дордойдон” бир нече эле километр алыстагы Казакстан чек арасын тикенектүү сым менен курчап алганга чейин бир жыл мурда болгон.
Кээ бир сатуучулардын балоосу боюнча, бул тосуудан кийин реэкспорт 90 пайызга кыскарган. Мындай жагдай “Дордой” ассоциациясын өз позициясын өзгөртүүгө мажбурлады. Бир убактарда алар Кыргызстандын альянска киришине каршы болуп келген болсо, азыр эми январь айынан тарта Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭК) айланчу Бажы биримдигине бачым кирүүнү талап кылышууда.
Ошондо 2011-жылы, “Дордой” ассоциациясынын жетекчиси Аскар Салымбеков жалпыга маалымдоо каражаттарына Бажы биримдигине кирүүнүн “банкроттук чынжыр” алып келерин айткан эле. Мындай сөзү менен ал реэкспортердон тарта Турсун Мелисов сыяктуу жүк ташуучуларга чейин таасир этерин билдирген.
Базардын бар болуусу Кытайдан келген товарларды Казахстан жана Орусиядан төмөн болгон салык тарифинен киреше чыгаруу негизинде эле, деп түшүндүрөт ал. Эгерде Кыргызстан, Бажы биримдигине кирүүнүн талабы болгон импорттун мындай түрүнө салыкты жогорулатса, анда “Дордой” атаандаштык артыкчылыгын жоготот.
Бирок Бажы биримдиги тикенектүү сым сыяктуу продукцияларды импорттоо үчүн эрежелерин татаалдаштырган сайын сайын - Кыргызстан кур калды.
“Реэкспорт токтотулду. Казахстандан эчким келбей жатат”,- дейт жүк ташуучу Мелисов. Мурда ал товарларды контейнерден Казакстан, же Орусияга жөнөп жаткан жүк ташуучу унааларга ташып, күнүнө 18 сааттан иштечү. Учурда болсо жумушу, анын айтымында, эки эсеге азайган: азыр ал күнүнө 5-10 доллардан табат.
Экономика министри Темир Сариев 30-майда Астанада болуп өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңештеги отурумунда Орусиядан 1,2 млрд доллардык кредит жана грантка ээ болгондугун билдирген болсо да, жалпысынан Оруссия мындай талаптарды этибарга алган жок.
Бул каражаттар Кыргызстандын “Кара-Суу” жана “Дордой” сыяктуу базарларынын колунда турган реэкспорт моделинен баш тартып, өз экономикасын кайра түзүү үчүн жана Орусия башында турган биримдикке кирүүгө даярдануу үчүн берилген. Бул туурасында Москва азырынча пикир билдире элек.
Ал ортодо базар финансалык зыян тартып калды, деп белгилейт “Дордой” профсоюзунун башчысы Дамира Дооталиева. Ош шаарынын жакынында жайгашкан Кыргызстандын түштүгүндөгү “Кара-Суу” базарынын соодагерлери да, 2010-жылда башталган өзбек чек арасындагы узак мөөнөттүү соода чектөөсүнөн улам оор күндөрдү баштарынан өткөрүүдө.
Дамира Дооталиеванын баа берүүсү боюнча, учурда базарда 60 миңдей адам иштейт. Ал жетектеген профсоюз, бир эле убакта кампа да жана соода түйүнү да болгон белгилүү темирден жүк контейнерлердин ээлерине ижара акысын бир далай төмөндөтүүгө мажбурлашкан.
“Бакиевдин [четтетилген жана коррупциялашкан деп эсептелген өлкө башчысы Курманбек] заманында “Дордой”, чиновниктердин коррупциясынан кутулуп кетүүгө аракеттенген орто жана кичи бизнес ишканалар үчүн баш калкалаар жер эле”, - дейт ал. “Акыркы беш айдын ичинде соода таптакыр токтоп калды”, - деп быйыл мындан аркы казак чек арасында текшерүүнүн катаалдашына токтолду ал.
Дамира Дооталиева Бажы биримдигинин түзүмүндө базардын келечегине оптимисттик көз карашта. Ал Кыргызстан “Борбордук Азиянын тигүүчү машинкасы” болуп, ата мекендик текстиль өндүрүүчүлөр “Дордой” аркылуу Казахстан жана Орусиянын базарларына өтүүгө мүмкүнчүлүк алат эле деп ойлойт.
Бирок өзү мойнуна алгандай, базардын 30 пайызын түзгөн, Кытайдын жана Кыргызстандын соодагерлери Азиянын арзан товарлары саткан, “кытай базары”, “Жонгай” үчүн бир нерсе айта албайт.
“Алар “Дордойду” Бажы биримдигинин чектеринен сыртта калтырууну жана толугу менен ата мекендик базарга багытоого аракеттенип жатышат. Бирок “Дордой” эл аралык болушу керек. Реэкспортун күндөрү аяктады”, - дейт Дамир Дооталиева.
Бишкектеги “Полис Азия” аналитикалык борборунун жетекчиси Элмира Ногойбаеванын көз карашы боюнча, “Дордойдогу” соодагерлердин пикирлери ЕАЭБга мүчө болуп кирүүнү колдоп, үчүн 180 даражага бурулуп кетиши, карама-каршы талаш-тартыштар менен коштолгон Кыргызстандын белгисиздигин баса белгилейт. “Бүгүн элге ЕАЭБнин экономикалык дабаа экендигин айтышса, эртең болсо - Совет Биримдигин кайра куруунун саясий аракети болгонун айтыша”, - дейт ал.
Москванын жардамы - экономика министри Сариевдин 1,2 млрд доллардык убадасы түрүндөгү - дагы бир белгисиздик болуп саналат. “Кагаз үстүндө эч нерсе жазылбады”, - дейт Эльмира Ногойбаева. Коом ичинде кайым-айтыш өсүүдө, бийликтегилер альянска кирүүнүн оң тараптарын көрүүдө, өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев болсо ушул жылдын күзүндө Бажы биримдигине киришибиз мүмкүн экендигин айтууда, дейт ал.
ЕАЭБ жөнүндөгү талкуулар кандай жыйынтыкталбасын, “Дордойдун” экономикалык натыйжаларынын эң азга түшүрүлүшү өкмөт үчүн эң башкы маселелердин бири болуп калат. “Бир азгыруу бар, бул “Дордой” чындыгында бүткүл экономикалык сектор болуп турган кезде, аны аянтчалардын бири деп эсептөө. Ага өтө этияттык менен мамиле кылыш керек”, - деп ойлойт Элмира Ногойбаева.