Өкмөт Суу кодексин “Кумтөр” үчүн өзгөртүүнү сунуштоодо

Суу кодексине түзөтүүлөрдү киргизүү парламентте 18-июнда каттатылды - ага ылайык, “стратегиялык” өндүрүш компанияларына мөңгү жана кен байлыкка жакын жайгашкан кен чыккан жерлерди иштетүүгө уруксат берилет.

Өкмөт Суу кодексине өзгөчө жагдай киргизүүнү сунуштап жатат. Ага ылайык “стратегиялык” маанилүү кен өндүргөн компанияларга мөңгүлөргө жакын жайлардан өндүрүү иштерин жүргүзө алат.

Давыдов мөңгүсүнүн жанында өндүрүш чыгарган ири алтын чыгаруучу “Кумтөр” компаниясы үчүн 2014-жылдагы иш планын жактыруудагы негизги маселе мөңгүлөрдүн корголушу болчу.

Түзөтүүлөргө карата даярдалган негиздөөчү аныктамада “Кумтөр” “Кыргызстандын ички дүң продуктусуна, мамлекеттик казынага жана Ысык-Көл регионунун өнүгүшүнө салмактуу таасири бар стратегиялык мекеме” деп аталат.

18-июнда парламентте сунушталган түзөтүүлөргө ылайык, Суу кодексинин 62-беренесине “стратегиялык объект катарына кирген кен чыккан жерден тышкары, эгерде мөңгүгө таасир тийгизбөө мүмкүн эмес болгону аныкталса” деген сөздөрдүн киргизилиши күтүлүүдө.

“Мындай мыйзам долбоору стратегиялык мааниге ээ болгон, мамлекеттин экономикасына жана региондун өнүгүшүнө салым кошкон, ишмердүүлүгү мөңгүгө таасир тийгизбестен иш жүргүзө албаган ишканаларга кен байлыктарды чалгындоо, издөө жана өндүрүүгө мүмкүндүк берет”, - деп айтылат түзөтүүлөрдүн түшүндүрмөсүндө.

Ошону менен бирге эле, өндүрүүчү ишканалар мөңгү массаларын сактоо үчүн аларды башка бир жерге которуусу керек.

Кыргыз өкмөтү канадалык “Центерра” компаниясынын акцияларынын ээлеринин бири. “Кумтөр” өндүрүш ишканасынын болсо “Центеррага” карайт.

Июндун башында Суу кодекси кыргыз бийлиги тарабынан Кумтөрдүн 2014-жылга карата иш планын жактырбоонун негизги себеби болуп калган эле. Бул ишкананын жанындагы Давыдов мөңгүсүнүн иштетилишинен улам экологиялык натыйжалардын келип чыгышы менен түшүндүрүлгөн эле.

Кен өндүрүшүнүн токтотулушу, өндүрүүчү ишкананын айтымында, Кыргызстан үчүн терс экономикалык натыйжаларга алып келиши мүмкүн.

Геология жана минералдык ресурс боюнча мамлекеттик агенствосу мурда айткандай, кен чыга турган жердин иши токтобос үчүн ошентсе да, 12-июнда Кумтөрдүн иш планы кабыл алынды.