Борбор калаадагы карылар жана майыптар үйүндө жашоо күн сайын шашпай өтөт. Көпчүлүгү бул жерге жеке жашоосундагы кайгылуу окуядан кийин келип түшкөн - жакын адамдарынын өлүмүнүн артынан, үй-бүлөөдө чыккан чыр-чатактан кийин, же болбосо жалгыздыктан коркуп келишкен.
Kloop.kgнин кабарчысы Эльдос Казыбеков бишкектеги карылар үйүнө барып, ал жерде өмүрүнүн аягына чейин жашоо дегендин кандай экендигин көрүп келди. Аңгеме анын өз сөзү менен баяндалмакчы:
Жарым кылым мурда ачылган бул карылар жана майыптар үйү бүгүнкү күндө жеке бөлмөлүү жана ыңгайлуу жайлары менен болгон санаторийдин элесин берет. Учурда бул жерде туптруура 200 киши жашайт.
Интернат тургундарынын көпчүлүгү бул жерге, жакын адамдарын жоготкондон кийин, үй-бүлөөсүндө чыккан чыр-чатактан улам, же болбосо балдарына оордук келтирбеш үчүн келип калышкан.
Шавкат Мамаюсупов 56 жашта. Ал карылар үйүнө, бир жарым жыл мурда аялы каза болуп, анын артынан апасын жоготуудан кайгыга баткан кенже уулу менен дайыма жаңжалдашуулардан улам келген.
Үй-бүлөөлүк оор окуялардан тажаган Шавкат, өз калоосу менен карылар үйүнө келген.
“Балам мени капа кылды. Оокаттуу жашачумун, аялым эки жыл мурда каза болгон. [...] Балдарыма жогорку билим бердим: эгиз-балдарым - салык факультетинде. Кызым - финансалык банкир”, - деп айтып берди Мамаюсупов.
2011-жылы көздөрүнө жасалган ийгиликсиз операциядан кийин көрүүсү начарлай баштаган.
Азыр Шавкат такыр көрбөйт жана өзү бир жерден башка бир жерге бара албайт - басып жүрүүгө ага дайыма интернатта 4-жылдан бери жашаган 90-жаштагы Антонина Павловна жардам берет.
Интернат тургандарынын көбү таныбаган адамдар менен сүйлөшүүнү каалабайт, өзгөчө сүрөткө түшкүсү жана өздөрү жөнүндө айтып бергиси келбейт.
Бирок аябай ачык адамдар да бар.
Күнүнө төрт жолу ашканада чогулган тургундардын тамактануусу, алардын жакындары жөнүндөгү окуяларды эстөөсү менен коштолот.
Интернат тургундарын түшкү тамакта кызылча сорпосу, нан, коюлтулган сүт менен куймак жана чай ичишет.
Бош убак үчүн ал жерде кичинекей китепкана бар. Китептердин көпчүлүгү - адабият классикасы. Интернаттын эң кумардуу тургундары карта, же шахмат ойношот.
Башкалары болсо таза абада сүйлөшүүнү артык көрөт.
Мусулмандар үчүн атайын намаз окуй турган атайын бөлмө бар.
Убактылуу тургундарды карылар үйүнүн кызматкерлери карайт. Эң эле алдан тайгандарга кылдатыраак көңүл бурууга туура келет - сакалдарын алып берип, киринтип жана бир бөлмөдөн башка бир бөлмөгө алып барышы керектелет.
Айына бир жолу интернатка үйрөнчүк чачтарачтар келип, акысыз чач кесип беришет.
Интернатка карай турган адамдарынын жоктугунан да келгендер бар. 72 жаштагы Бактыгүль Дубаева бүт жакындарын жоготуп, карылар үйүнө өзү келген.
“Мен жалгыз калдым, мени карай турган адам жок. [...] Күйөм, балам каза болуп, жалгыз калдым”, - деп кайгы менен эстейт Бактыгүл апа.
Маектешүүбүз боюнча анын жүзүндө бир да жолу жылмаюу көрбөдүм, бирок ар кандай адамдар менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнөн кубанычта экендигин айтты.
Карылар үйүндө өзүнө жубай таап алгандар да бар. Алардын бири - акын жана жазуучу болгон Дубаш Калназаров, “Манас” эпосун орусчага которгон киши.
Интернатка өз калоосу менен аялы каза болгон соң жалгыздыкта калуудан коркуп келген.
“Менин бир гана кызым бар, уулум жок. Аялым каза болуп калган. Кантип жалгыз жашаймын?” - деп эстейт жазуучу.
Интернатта болсо Калназаров экинчи аялы менен таанышкан - Татьяна Жилина. Алар беш жарым жылдан бери алар чогуу жашашат.